Аламүдүн районунун Октябрь айыл башчысы 350 миң сом пара менен кармалды (Видео)

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финполиция) Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагынын башчысы Т. К.ны 350 миң сом пара менен кармады.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

30-январда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Айыл аймагынын кармалган башчысы кум-шагыл таш ижарасы боюнча келишимди бузбоо үчүн 400 миң сом пара талап кылып, анын 350 миңин алганда колго түшкөн.

Кармалган киши №1 убактылуу камак жайына кабыл алынган.

Сүрөт: финпол.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты