Израиль ХАМАСтын объектилерине чабуул жасады

  • 4 года мурун

Израиль аба күчтөрү Газа секторундагы ХАМАС исламчыл кыймылынын аскердик объектилерине сокку урду.

Муну менен өлкө Израилдин аймагына жасалган ракеталык чабуулга жооп бергенин билдирди. Мындан тышкары өлкөнүн түштүгүндө жардыргыч заттар таңгакталган аба шарлары табылганы айтылууда.

АКШ президенти Израиль менен Палестина автономиясынын ортосундагы куралдуу жаңжалды тынчтык жол менен жөнгө салуу планын жарыялагандан кийин Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп кетти.

Бул планга ылайык, Иерусалим Израилдин борбору болууга тийиш, ал эми анын чыгышында болочок Палестина мамлекетинин баш калаасы жайгашышы керек.

Мындан тышкары Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөттөр жайгашкан аймактарды Израилге караштуу деп расмий таанып, ортодо эки тараптын бирдиктүү аймактарын түзүү сунушталган.

Дональд Трамп бул сунушун “кылым келишими” деп атаган. Израиль бийлиги аны колдогон, бирок Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас бул шартты кабыл албай турганын, анын администрациясы Израиль жана АКШ менен бардык мамилелерди үзө турганын айткан.

Аббас Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуш үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирип, бирок аны АКШ же Трамп менен макулдашпай турганын кошумчалаган.

Палестиндер 1967-жылкы араб-израиль согушуна чейинки чек араларды кайтарууну көздөп келишет.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты