​Бирдиктүү салык декларациясынын формасы өзгөртүлдү

  • 4 года мурун

Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясынын формасына жана аны толтуруу жана берүү тартибине өзгөртүү киргизилгендигин маалымдайт.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Бирдиктүү салык декларациясынын формасы тиркемелер менен толукталды, анда салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерин жана учурдагы жылга мүлк салыгы, жер салыгы боюнча эсептөөлөрдү көрсөтүшөт.

Мында ушул токтом күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда 1-февралга чейин, салык декларациясын берген декларанттар такталган декларацияны тапшырууга милдеттүү эмес.

Бирдиктүү салык декларациясынын формасы жана аларды толтуруунун тартиби өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Салык кызматынын расмий сайтынын «Отчет формалары» бөлүмүндө жайгаштырды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты