​АКШнын мамкатчысы Помпео Нур-Султанда Кытайдан келген казактар менен жолукту

  • 4 года мурун

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 2-февралда Казакстандагы иш сапарынын алкагында Кытайдан келген казактар менен жолукту. Алар туугундары «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турганын айтышты.

Анда Майк Помпео Казакстандын бийлигин Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген улуттук азчылыктарга башпаанек берүүгө чакырды.

«Биз Кытайдан качып кетүүнү каалагандарга алардын коопсуздугу үчүн башпаанек берүүнү сурайбыз», — деди Помпео Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди катышкан басма сөз жыйынында.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Нур-Султандагы иш сапарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугат.

Мунун алдында Помпео Украина менен Беларуска барды. 2-февралда кечинде ал Өзбекстанга барды.

Сүрөттө: Майк Помпео менен Мухтар Тлеуберди. mfa.kz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты