​Аланов келтирген жүйөлөр боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлөт

  • 4 года мурун

Чек ара кызматынын подполковниги Талгат Алановдун арызында келтирилген бардык жүйөөлөрдү сотко чейинки өндүрүштө дыкат уюштуруу жана текшерүү үчүн курамына УКМКнын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кошулган ыкчам тергөө тобу түзүлөт.

Алановдун арызын кароо создуктурулуп жаткандыгына байланыштуу Ош гарнизондук аскер прокуратурасы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тийиштүү сотко чейинки өндүрүштүн мындан аркы жүрүшүн көзөмөлгө алды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин, КР Аскер прокуратурасынын жогоруда аталган ыкчам-тергөө тобунун курамына киргизүү сунушталды.

Ошондой эле 30-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Талгат Алановду кабыл алды.

2019-жылдын 27-нояюрында Тавлгат Аланов «Достук» жана «Эркечтам» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо, Алай районунун аймагындагы Сары-Таш заставасынын кызматкерлери чабандардан мал-жандык алган фактыларын мисал келтирген.

Чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы беш кесиптеши Ош шаардык сотуна кайрылган.

Иллюстрациялык сүрөт. Эркечтам көзөмөл-өткөрүү пункту. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты