Америкалык учкучтар Кытайга каттамдарды токтотуу талабы менен сотко кайрылышты

  • 4 года мурун

American Airlines авиакомпаниясында иштеген учкучтардын кесиптик кошууну коронавируска байланыштуу Кытайга каттамдарды белгисиз мөөнөткө токтотуу талабы менен компанияга каршы сотко кайрылды.

American Airlines – дүйнөдөгү эң ири авиакомпания. Ал күн сайын АКШнын үч аэропортунан Кытайга каттайт. Кесиптик кошуундун башчысы учкучтарды Кытайга учуудан баш тартууга чакырды.

American Airlines 1-февралдан тарта Лос-Анжелестен Бээжин менен Шанхайга каттамдарды токтотуу чечимин кабыл алган. Бирок Далластагы каттамдар уланууда. Учкучтардын кесиптик кошууну авиакомпаниянын жетекчилигин Кытай менен аба байланышты толугу менен токтотууга чакырууда.

Америкалык United Airlines жана Delta авиакомпаниялар Кытай учуулардын санын кескин азайтты. Мындан тышкары British Airways, Lufthansa, Virgin Atlantic жана Air France өңдүү алдыңкы дүйнөлүк авиакомпаниялар Кытайга каттамдарын токтотушту.

Бейшемби күнү АКШнын мамлекеттик департаменти расмий түрдө америкалыктарга Кытайга барбай турууну сунуштады.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты