Жаңылсынзат Турганбаева: “Бизнес аял, эркек деп бөлбөйт”

Маек

Кыргыздын максымын дүйнөлүк брендге айлантууга жан үрөп “Шорону” алып чыккан белгилүү ишкер, маркум Табылды Эгембердиев тууралуу укпаган кыргыз болбосо керек. Эми максымдан ары улап, кыргыздын талканын, жупкасын бренд кылууга анын жубайы Жаңылсынзат Турганбаева жана анын балдары аракет көрүп келе жатат. Жаңылсынзат айым менен ишкерлик тууралуу азын оолак маектештик.

- Жаңылсынзат айым, Табылды агайдын жолун улап, максымдан кийин дагы башка кыргыздын тамактарын брендге айлантууга аракет көрүп жатканыңыздан кабарыбыз бар. Булар тууралуу маалымат берип кетсеңиз?

- Мен азыркы убакта жолдошум Табылды Эгембердиевдин түптөп кеткен “Супара” жана “Супара Чуңкурчак” этнокомплекстеринин ишин улантуу менен алек болуп жатам. Атабыз 90-жылдары советтик доор аяктап, эгемендүү мамлекет болгондон тарта “кыргыздын унутулуп бараткан баалуулуктарын дүйнө жүзүнө жайылтам, четтен келген конокторго кыргыз эли байыркы элдердин бири экенин көрсөтөм” деген өзүнүн алдына койгон чоң максаты, жашоо миссиясы менен жашап өттү.

Улуттук бардык суусундуктарыбызды өндүрүшкө салууга жүрөгүн, энергиясын, талыкпас эмгегин, билимин берди. Кийинки жылдары “Супара” этнокомплекстери менен алек болду. Өз учурунда “каражат ылдыйкы “Супарага” жетишпей жатса, тоодогу “Супараны” баштабай туралы” деп аябай эле каршы болгом, ага карабай болгон күчүн аябай 9 айда, өзү архитектор, конструктор болуп долбоорун чийип, прораб болуп куруп чыкты. Эгер тездик менен куруп кетпегенде мындай баары таң калган, кыргыз архитектурасында кооз жер болбой калмак экен.

Бул жакта, өзүңүздөр билгендей, нукура кыргыз тамак-аштары даярдалып, ата-бабабыз жасап келген рецепттер менен жасалган даамдарды тартуулап келебиз. “Супарага” быйыл он жыл болду. Табылды көзү тирүүсүндө эле кыргыздын шоколаддарын чыгарсак деп кыялданчу.

Сүрөттө: Ишкер Табылды Эгембердиев

- Бул кыялын ишке ашырууга жетишпей калды окшойт...

- Тилекке каршы, бул кыялдары ишке ашпай калды. Анан бул ишти өз колума алып, эки жыл мурун “Супара талкан” деген ат менен базарга чыктык. Жакында “Кыргыз сонундугу” деген фасткэжуал тез татым форматы, бирок фастфуддан айырмасы ден-соолукка пайдалуу тамак аш түйүнүн ачтык. Бул тамактануу түйүнун ачуумдун биринчи себеби, Табыкемдин кыялдарын ишке ашыруу болсо, экинчиси патриоттук сезимдер түрткү берди. Эмне үчүн чет жактан келген тамактарды артынан сая түшүп жейбиз дагы, улуттук тамак ашты жебейбиз деген атаңдаштык сезим пайда болду.

“Сонундук” деген өтө сонун, жагымдуу сөздү Сулайман Кайыпов агайдын илимий китептеринен кездештиргем, “өтө эңсеп жеген тамактардын гүлү” деген түшүнүгү бар экен. Гамбургер деп жатабыз, бул тамак Германиянын Гамбург шаарында пайда болгондон улам гамбургер деп аталып калган. А биздин гамбургерге окшотуп жасап жаткан тамагыбыз “Супара шам-шум” деп аталат. Илгери апаларыбыздын шашып жатсаң, “ай шам-шум этип ал” деген сөзүн колдондум. Каламанын ичинде эт, быжы же чучук болот, соусу болсо сүзмөдөн жасалган. Кетчуп менен майонездин ордуна сүзмөнү колдонсок пайдалуу болот деп ойлойм. Азыр көпчүлүк “Каламаны” “Бургер” деп атап жатышат. “Бургер” эмес, “Калама” деп атагыла деп жатам.

- “Супара шоколады кантип жасалып калды?

- Апам бала кезимде бизге кошкон май даярдап койчу. Кошкон май деген эмне деп жатсаңыздар, ал арпанын талканы, бал, сары май -ушул азыктарды аралаштырып коюп койсок, жылдап бузулбай тура берет жана адамды ток кармайт. Бул даамды балалыгымдын даамы деп койсом да болот. Анан эжем экөөбүз ошол даамга эксперимент кылып, кошкон майдын үстүн шоколад менен каптап, заманбап түрүн ойлоп таптык.

- Аял үчүн бизнести алып кетүү кыйын бекен?

- Бизнес доорлорго жараша өзгөрүп турат. Мисалы, өндүрүш тармагы эн негизги роль ойногон доордо эркектин кара күчү керек болгон. Азыр эми айымдарга бизнес боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Мисалы, туризм тармагында, IT, кызмат көрсөтүү, билим берүү, кол өнөрчүлүк ж.б. Мен ишкерликте аял, эркек деп бөлбөйм. Кээ бир тармактарда эркек күчтүү болсо, дагы бир тармактарда аялдар өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүп жатышат. Демек, бизнес аялды же эркекти тандабайт, ал күчтүү идеяны жана каалоону тандайт. Биздин бизнестин өзөгүн кызмат көрсөтүү, туризм тармагы түзгөндүктөн мага бул иш жеңил болуп жатат. Анын үстүнө байкеңер менен башынан бери аралашып, майда иштерин бүтүрүп жүргөнүм үчүн кыйналган деле жокмун.

- Бизнес баштайм деген ою бар жаштарга кандай кеңеш берер элеңиз?

- Бизнес баштайм дегендер терең ойлонуп, качан гана ойлогон ою иш жүзүнө ашарына ишенип, ойлору тынчтык бербей калганда ишти баштоосу керек. Бизнестеги ийгиликтин сыры убакытты туура пайдаланууда. Өзүмдү өнүктүрөм, бизнес баштайм дегендер дүйнөдөгү классикалык мыкты делген китептерди казып окусу керек. Айрыкча, жаштар көп убакытты текке кетирбей окуп калышса деген ойдомун. Китепти диплом алуу же баа алуу үчүн окубай, өзү үчүн окуганда ал өзүнө ишенимдүүлүктүү берет. Ал эми ишенимдүүлүк мыкты бизнести түптөгө чоң салым кошот.

- Жумушчуларды кантип тандайсыз?

- “Супара” кыргыздын маданиятын, салт-санаасын көрсөткөн жер болгондуктан, бизде жумушчуларды тандоо кыйынга турат. Биз кыргыз тилинде таза сүйлөгөн, кыргыздын тарыхын, маданиятын, турмуш-тиричилигин билгендерди жумушка алабыз. Анткени, мен “Бешинчи боз үйдөгү туш кийизди оңдоп кой” деп айтып калышым мүмкүн. Ал дароо туш кийиз эмне экенин түшүүнүсү керек. Мен жумушчуларды тандап жатканда, ал эмнеге жөндөмдүү экенин байкаганга аракет кылам, анан ошол жөндөмүнө жараша жумуш сунуш кылам. Алар алгач бир айлык сыноо мөөнөтүн өтүшөт.

- Кыргызстандык эле айымдардын асман чапчыган баадагы кийимдерди кийип, сааттарды тагынганын көрүп жатабыз. Сиз дагы ошондой дүйнөлүк бренддеги кийимдерди кийип, саттарды тагынасызбы?

- Байлык, бийлик адамды бактылуу кыла албайт. Мен муну бала кезимден эле түшүнгөм. Байлык, бийлик адамды бузат деп калышат. Мен ага такыр кошулбайм. Байлыкка же бийликке ээ болгондо адам чыныгы жузун корсотот. Ошондуктан, бул арзан тиги кымбат кийим, буюм деп бөлбөйм. Эгер жумушуңа байланыштуу тоого бат-баттан чыгууга туура келсе, колуңда бар болсо, анда сен эң жакшы маркадагы машина ал, сен аны мактаныш үчүн эмес, кызмат кылуусу үчүн аласың. Кичине кезимден эле бардар үй-бүлөдө жашап, менде андай буюмга ач көздүк жок. Балким Табылды менен ушул көз караштарыбыз бир болгондуктан турмуш сапарына чогуу аттандык деп ойлойм.

- Балдарыңыздардан атасынын жолун жолдоого кызыккандары барбы?

- Балдарыбыз атасынын иштерин аркалап улантып жатышат. Бирөө балык өстүрүү менен алек, экинчиси “Шоро” компаниясында жетекчи, кичүүбүз 21 жашта, окуйт, ал деле мага кол кабыш кылып жатат. Атасы “мен эң негизгиси балдарымдын адам болуусун каалайт элем” деп көп айтып калчу.Б алдарым атасына тең болобу же артык болобу, эми убакыт көрсөтөт.

Асель Раманкулова

МаекТабылды ЭгембердиевЖаңылсынзат ТурганбаеваИшкерликМотивацияШороСупараКыргыз сонундугу