​Баткен облусунда жер титирөө катталды

  • 4 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 30-январда, саат 16:34тө Баткен облусунун аймагында, очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 балл, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстарциялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты