«​Унаа» ишканасынын директору Козубаевди кызматтан алуу сунушталды

  • 4 года мурун

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы жумушчу тобу бүгүн, 30-январда, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүн карады жана канаттандырарлык эмес деп тапты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев аталган мамлекеттик ишканадагы бир катар кемчиликтерди белгиледи. Мекеменин жетекчилиги арыздарды жана автоунааларды каттоонун, кайра каттоо үчүн тийиштүү документтердин онлайн берүү механизмин иштеп чыгып, киргизген эмес.

Айдоочулук укуктан ажыраган айдоочулар жөнүндө документтердин автоматташтырылган маалыматтар базасына өзгөртүүлөр киргизилген эмес.

Укук коргоо органдары тарабынан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иши козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы белгиленди. Мамлекеттик ишкана директору Алымжан Козубаев сотко чейинки өндүрүштүн өзүнчө материалдары боюнча өтүп жатат.

Өкмөткө мекеменин директору Алымжан Козубаевди кызматынан бошотуу сунушталды.

Сүрөттө: Алымжан Козубаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты