Менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада Артем Меркин «супер чемпион» наамын алды

  • 4 года мурун

Минск шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада Бишкек шаарынын №13 мектебинин окуучусу Артём Меркин «супер чемпион» наамын жеңип алды. Мекендешибизди колдоо максатында Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин өкүлдөрү да катышты.

Олимпиадага Кыргызстан, Беларус, Россия, Казакстан жана Кытай мамлекеттеринен 100 дөн ашык окуучулар катышты.

Артём Меркин эӊ жогорку баллга татыктуу болуп, «Супер чемпион» наамын утуп алды. Ошондой эле Кытай жана Чыгыш Европа боюнча маданият жана билим боюнча борбордун Ардак грамотасына татыды.

Кыргызстандык окуучу олимпиаданын көнүл ачуучу программасына катышып, Кыргызстан тууралуу видеоролик көрсөтүп, улуттук кийимин кийип, добулбаста жатып, бир эле мезгилде экрандагы сандарды кошуп чыгарып, катышуучуларды таӊ калтырды.

Артём Меркин Кыргызстан, Түркия, Россия, Казакстан, Беларус, Малайзияда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык 13 олимпиаданын катышуучусу жана жеӊүүчүсү.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти бул тууралуу билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты