​Жон Кеннеди. «Каармандык өрнөктөрү»: Китептен алчу сабактар

Бүгүн, 30-январда, Президенттин алдындагы башкаруу академиясында «Өмүрү өрнөк инсандар» түрмөгүнөн чыгарылган АКШнын 35-президенти Жон Фицжеральд Кеннединин «Каармандык өрнөктөрү» аттуу китебинин кыргыз тилиндеги котормосунун бет ачары болду.

Китепти тарыхчы, окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин англис тилинен кыргызчага которгон. Китеп «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду тарабынан чыгарылган. Американын Кыргызстандагы элчилигинин китептерди басып чыгаруу программасынын алкагында жарык көргөн.

Китептин бет ачарына АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин китеп которуу программасынын жетекчиси Райан Брайант, Борбор Азия университетинен, профессор Мелис Түлегенов, Кыргызстандын коомдук жана саясий ишмерлери, коомчулук, студенттер жана магистранттар катышты.

Бет ачарды Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев алып барды.

Китептен алчу сабактар

Китептин котормочусу Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, Жон Кеннединин китебинен ала турган сабак «баатыр болуш үчүн сөзсүз эле найза, кылыч алып» чыкпай эле, туура сөздү айтуунун өзү да эрдик болору.

«Ким адилет, эр жүрөк, баатыр болушу мүмкүн? «-Ар бирибиз» деп айтылат китепте. Ал үчүн чечүүчү учурда абийир, ыйман, ички дүйнөнү угуу керек. Жалпы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон учур болот. Баатыр болуш үчүн сөзсүз эле найза, кылыч алып чыгыш керекпи? Жок, жөн гана ыймандуу, чынчыл, адилет болуу да жетиштүү. Мындай мисалдар көп» деп белгиледи ал.

Тарых илимдеринин доктору Айдарбек Көчкүновдун пикиринде, өмүрү трагедиялуу аяктаган АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин китебинен алаар сабак арбын.

«Эң биринчи — Ата Мекенди сүйүү, эн чоң байлык- Ата Мекен. Мекендин, элдин келечеги баарынан жогору турары, мыйзамдын аткаруу жагдайлары. Биз ушуларды айта жүрүшүбүз керек» деди Көчкүнов.

«Терең таасир калтырганы Росстун тагдыры болду». Бир адам карьера, ден соолук, бийлигинен ажырап, эл-журт үчүн иштеди» деди ал.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев коомчулук үчүн бул китептин кыргыз тилинде жарыкка чыгышы орчундуу окуя, ачылыш экенин белгиледи.

«Мурда дүйнөгө орус тилинде гана чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болсо, биз азыр дүйнөнү ар бир элдин тилинде таанууга мүмкүнчүлүк алдык. Мындай китеп бар экенин билген эмеспиз, Жон Кеннеди өзү өрнөк көргөн адамдар аркылуу өзүнүн жашоосун, саясий турмушун берип жатат» деди Каптагаев.

«Өлкөм мага эмне кылып берди дебей, мен өлкөм үчүн эмне кылдым деп сура» деген учкул сөз да Кеннедиге таандык» деди ал.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев китепти чыгарган «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду баалуулукту, чындыкты аныктап бере турган институттардын бири болуп калганын баса көрсөттү.

«Роза Отунбаеванын фонду — баалуулуктун, чындыктын шкаласын бере турган институттардын бири. Бул китептин кыргызча чыгышы — моралдык багыт алуу катары берилип жатат. Бул коомдук жана мамлекеттик лидерлерге үлгү болгон китеп болушу керек деп ойлойм» деди ал.

Тарыхчы, котормочу, жазуучу Арслан Капай уулу китептен саясатчылар үлгү ала турган дагы бир жагдайын белгиледи:

«Китепте саясатчылар үчүн бири-бирине болгон урматтоо, саясий көз караштарды урматтоо маселеси бар» деди ал.

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору Таалайбек Абдиев котормонун оош-кыйыштарына токтолуп, англис тилинен которулган бул китеп үчүн авторго, уюштуруучуларга ыраазылыгын айтты.

Экс-президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун төрайымы Роза Отунбаева китептин бет ачары ойлонтуп — толгонууга шарт түзөрүн белгиледи.

«Нью-Йоркто болуп, китепкана, китеп дүкөндөрүнө барып, белгилүү китептерди тандап жатып, Кеннединин ушул эмгегин которууга тандап алдым. Кыргызчасын Чоротегин майын чыгарып, көп сөздөрдү токуп, которуп берди. Ар бир саясатчы үчүн бул китеп — «Алиппе» сыяктуу. Кыргызстандагы саясатчы болом дегендер, депутаттар ушул китепти окушу керек. Бул китептен алардын саясий турмушу канчалык татаал болгону билинет» деди Роза Отунбаева.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты