Санариптик сабаттуулук. Ар жылда уюштурулчу Билим фестивалы өтөт

Быйылкы жылы да Бишкекте, адаттагыдай эле, ар жылы өтүүчү Билим фестивалы уюштурулат. Быйылкы жылдагы билим фестивалы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылында «Санариптик сабаттуулук» деп аталат.

Фестиваль 18-апрелде Сатылганов атындагы улуттук филармониянын бир катар аянтчаларында өтөт. Ал күнү Кыргызстандын эл аралык университетине да барууга болот, университет быйылкы фестивалдын уюштуруучуларынын бири болууда.

Быйылкы жылы фестивалдын форматы өзгөрүүдө. Иш-чаранын биринчи күнүндөгү жогорку окуу жайлардын бирине баруунун ордуна бул жылдын январь айынан апрелге чейин Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы жана билим фестивалынын уюштуруучулары менен кызматташтыкта фестиваль алдындагы иш-чара уюштурулат.

Билим фестивалы расмий түрдө 29-январда Бишкек шаарынын №38 окуу-тарбия комплексинде ачылды. Ал жакта жогорку класстын окуучулары менен «Z мууну менен мейман иретиндеги жолугушуу” иш-чарасы өткөрүлдү.

Ишчарага экс-президент, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук бирикмесинин жетекчиси Р. Отунбаева, Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүү программасын иштеп чыккан Кыргыз ассоциациясынын төрагасы А. Абакиров жана IT академияны түзүүчүлөр катышты.

Ал тууралуу материалдарды расмий сайттарда жана билим фестивалынын социалдык тармактардагы баракчаларынан таанышсаңыздар болот (festival.roza.kg, www.roza.kg, фейсбук: Фестиваль образования Бишкек, Инстаграм: Bilimfestkg).

Билим фестивалы балдар, жаштар, ата-энелер жана шаардыктар үчүн Бишкек шаарында 2013-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан иш-чара. Жыл сайын өткөрүлүүчү фестивалдын уюштуруучусу- «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду, Бишкек мэриясы жана борбордогу жогорку окуу жайларынын бири.

2016-жылы Билим фестивалы «Event Awards Central Asia» аттуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча сыйлыкта Борбор Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы катары таанылган. Андан тышкары «Global Event Awards» глобалдык сыйлыгын тапшыруу аземинде (Москва, 4-декабрь) «Балдарга арналган мыкты иш-чара» категориясында дүйнөнүн 84 өлкөсүнүн арасында 3-орунга татыктуу болгон.

Билим фестивалы 2013-жылы демилгеленип, 2014-жылдан тематикалуу боло баштаган жана биринчи жолу өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын биринин (Раззаков атындагы КМТУнун, 2015-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтунун, 2016-жылы-Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, 2018-жылы Карасаев атындагы БГУнун базасында), экинчи күнү Бишкек шаарынын борборунда өтүп келген.

2019-жылы 7- Билим фестивалы «Кыргызстандын санарип мууну» аталышында болуп, 13-апрелдеги биринчи күнү Борбор Азиядагы Америка университетинде болгон, экинчи күнү, 4-майда шаардын борбордук көчөлөрүндө жана Курманжан датканын эстелигинин жанында, 16 аянтта болгон. Эки күн ичинде 27 миңдей киши фестивалдын ар кыл иш-чарасына катышкан.

Сүрөттөр: Уюштуруучулардыкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты