​Жээнбеков Швециянын парламент делегациясы менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда, Риксдагдын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швеция Королдугунун парламенттик делегациясы менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Швеция менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мамилелерди бекемдөөгө даяр экенин өзгөчө белгиледи.

Делегациянын башчысы, Швециянын Риксдагынын биринчи вице-спикери Аса Линдестам парламенттик делегациянын Кыргызстанга келишинин негизги максаты — кыргыз-швед мамилелерин, өзгөчө парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө экенин белгиледи.

Швеция парламентинин депутаттары өлкөлөр ортосунда экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, соода-экономикалык, тоо-кен иштетүү тармактарында жана экологияны коргоо маселелери боюнча кызматташууну өркүндөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрага орун басары Аида Касымалиева жана Жогорку Кеңеш депутаты, Швеция менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты