Чет өлкөдө куралдуу жаңжалга катышкандарды катуу жазалоо сунушталууда

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет өлкөлөрдө куралдуу жаңжалдарга катышкан жарандар үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо.

Кылмыш кодексине киргизиле турган тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.

Жазык кодексинин жаңы редакциясынын 243-беренесинде – “Терроризм актысын жасоо үчүн жалдануунун же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдыктан өтүүнүн белгилери болбосо, Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттердин аймагында куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу” – өтө оор эмес жаза катары эсептелип, 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

УКМК аталган берене «Жалданмачылык» беренесине окшош экенин, бирок бул жерде катаал жаза колдонуларын белгилейт.

УКМК чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышуу өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратарын эске салууда. Азыркы мыйзамдарга ылайык, өтө оор эмес кылмыш үчүн соттун чечими боюнча пробациялык көзөмөл колдонулушу ыктымал.

Бул учурда чет өлкөлөрдө террордук даярдыктан өтүп келген жаран эркиндикте жүрүп, кылмыш жасашы мүмкүн деп айтылат.

УКМК сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда чет мамлекеттерде куралдуу жаңжалдарга катышкандарды 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу, муну оор кылмыш катарына киргизүү каралууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты