“Дордойдогу” соодагерден дизайнерликке. “Валентина Воротникова” брендинин дүйнөгө таштаган кадамы

“Валентина Воротникова” брендин Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө дагы таанышат. Валентина Воротникова “Дордойдогу” катардагы соодагерден, белгилүү дизайнерге, ишкерге кантип айлангандыгы тууралуу баянды тартуулайбыз.

— Валентина, жеке ишкер болуу оор болсо керек?

— Мага ата-энем ар дайым өзүмө гана ишенишим керектигин үйрөткөн. Кесибим боюнча фэшн-дизайнермин. Бул мага өзүмдүн кыялдарымды, фантазияларымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Жылына эки коллекция гана кылбастан, арт-ательемде кардарларымдын дагы каалоосу боюнча өзгөчө кийим тигем.

Албетте, кыйынчылык ар бир иште болот. Бизде жумушчулар менен иштешүүдө кыйынчылыктар жаралат, тагыраак айтсам, бир жумушчуну окутуп, ага билим берип, эми жаңы үйрөткөндө ал кетип калат. Мыкты дизайнер болууга шыгы бар жумушчулар кээ бир учурда башка тармакка кетип калганда ичиң ачышып калат.

Сиз кайсы убакытта жеке бизнесиңизди ачууну чечтиңиз?

— Өзүмдүн жеке бизнесимди баштоо идеясы 90-жылдары пайда болгон. Себеби, Советтер союзу кулаганда жумуш жок учур болгон. Көркөм өнөрчүлүк эч кимге керек эмес болуп калган. Бирок, биз кандайдыр бир иш таппасак болбойт эле. Ошондуктан эң ыйгалуу иш бул соода менен алектенүү болгон. Мен самолет, поезд жана жеңил арабада чет өлкөлөргө барып, ар кандай кийимдерди сатып алып, бул жакка алып келип сатчумун. Бул мага мыкты сатуучу болгонду үйрөттү жана эң башкысы адамдар менен баарлашууну жакшы өздөштүрдүм. Ошентип, 1991-жылы кесиптешим менен биргеликте бир иш ачтык. Ал экономист болчу, мен болсо сүрөтчүмүн. Бул абдан жакшы тандем болду, ал финансы, документтерди караса, мен өнөрчүлүккө жооп берчүмүн. Биздин ишибиз өркүндөп “Тумар” деген брендге айланды. Бул брендди бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө дагы таанышат. Кесиптешим менен биргеликте 8 жыл иштедик, бирок мен өзүмчө иштөөнү каалап, “Валентина Воротникова” брендин ачууну чечтим. Азыркы учурда эки бренд тең ийгиликтүү иш алып барууда.

— Ар бир иште жакын адамдардын колдоосу болушу керек эмеспи? Сиздин жакындарыңыз бизнес ачууңузга кандай карашты?

— Жакындардын колдоосу абдан маанилүү деп ойлойм. Мен өзүмдү күчтүү, өз алдынча чечим кабыл ала билген, эч нерседен корпогон адам катары билсем дагы жакындардын колдоосу сөзсүз болуш керек деп айтар элем. Биринчилерден болуп, бизнесимди баштоодо жолдошум колдоо көрсөттү. Балдарым дагы чоңоюп калган, алар дагы материалдык жактан дагы, моралдык жактан дагы колдоп турат.

Валентина, сиз ишиңизди эмнеден баштадыңыз?

— Мен ишимди, биринчиден, аны сүйүүдөн баштаганмын. Башында айтып кеткендей, мен «Дордойдо» 10 жыл сатуучулук менен алектендим. Бул жылдар ичинде көркөм өнөрчүлүккө болгон кусалыгым күчөдү. Биринчи мүмкүнчүлүк пайда болгондо, кооператив-ателье ачтым. Бул менин биринчи аракетим болду. Экинчи жолу кийиз менен иш баштадым. Бара-бара кийизден кийим тигип, ателье ачтык. Ал жакта ар түрдүү кийимдерди тигип жүрдүк. Кийиз менен иштөө тажрыйбасын — кийизди боёо, тигүү жөндөмдүүлүгүн артырып, мастерлерди чакыра баштадык, алар бизге сабак берчү. Чет өлкөлөрдөгү тренингдерге катышып, интернет аркылуу башка адамдардын иштерин көрүп, дагы да мыкты буюмдарды тиге баштадык. Бизди да ар кандай жарманкелерге чакыра башташты. Ал жакта дагы башка иштерди көрүп, мыкты болууга аракет кылдык. Россия, Европа жана башка чет өлкөлүк дизайнерлердин деңгээлине жетүү керек деген максат коюп иштедик.

Биз сиздин жеңиштериңизди айта турган болсок, алар абдан көп. Сиз биринчи жеңишиңиз тууралуу айта кетсеңиз?

— Менин биринчи жеңишим көркөм өнөр секциясында иштеп жатканда республикалык, чет өлкөлүк сынактарга катышып жүргөн учурда келди. Мен ал кезде тери менен иштеп, скульптура сыяктуу бир нече буюм жасагам. Бул эмгегимди музейге көргөзмөгө койгондон кийин чет өлкөлүктөр жеке коллекциясына сатып алышкан. Бул менин биринчи жеңишим болгон деп айта алам. Бул иш чарадан кийин менин эмгектериме суроо-талап бар экендигин түшүндүм.

Ишкер айымдарга үй-бүлө менен жумушту бирге алып кетүү абдан кыйын деген пикирлер бар. Сиз бул эки тармакты бирге алып кетүүгө кантип жетишесиз?

— Мен жеке ишимди балдарым чоңоюп калганда баштагам. Апам балдарымды карашууга жардам берип жүрдү. Андан тышкары жолдошум да каралашты. Жеке иш баштоого каалоо, үй-бүлөлүк колдоо болсо, сен эмне кааларыңды жакшы билсең, кайсы жакка жана кантип барууну билсең, тажрыйбаң жетиштүү болсо, бул нерселер бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Тескеринче, биз бири — бирибизди толуктап турдук деп ойлойм.

Айгерим Акылбекова

Сүрөттөр: Валентина Воротникованын жеке архивинен

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты