​Замир Жоошев, адвокат: «Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча бир да кылмышка катышкан эмес»

  • 4 года мурун

Бүгүн, 28-январда, камактагы Равшан Жээнбековдун адвокаты жана тарапташтары пресс-конференция өткөрүп, анын Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка катышпаганын билдиришти. Алар Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранды.

Адвокат Замир Жоошев мындай деди:

—Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы Равшан Жээнбековду жети берене боюнча айыптап жатат. Айыптардын эң оору-ал бардык жерде уюштуруучу катары аталганында, массалык баш –аламандык, «Альфа» аскерлерин барымтага алуу, бийликти басып алууга далалат сыяктуу айыптар тагылып жатат.

Беш ай мурда Жээнбеков бир нече ирет суракка чакырылган. Эгерде күнөөсү болсо, эмнеге аны ошондо кармаган эмес? Себеби анда далил жок болчу, беш айдан кийин да далил жок.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча бир да кылмышка катышкан эмес. Ал «Альфа» кызматкерлерин ошол жердеги айрым кишилердин ачуусунан, токмогунан сактаганга колунан келгенди жасаган. Тергөөгө бул тууралуу видеоматериалдарды август айында бергенбиз.

Анда эмнеге беш айдан кийин ал жоопко тартылып жатат? Тергөөдө кээ бир адамдар кызматташуу тууралуу келишим түзгөн.

Равшан Жээнбеков өзүнүн камалганын тергөөнүн зарылчылыгы эмес, кимдир-бирөөнүн эрки, каалоосу менен, саясий чечим катары баа берет.

Кой-Таш окуясында эл көп болгон, ал жакта кылмышты жашырууга мүмкүн эмес болгон.

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында мыкты адистер отурат, беш ай мурда далил жок болчу, далил мындан ары да болбойт дагы. Жээнбековдун беш айдан кийин кармалганы ал өзү айткандай, саясий чечим болууда.

Равшан Жээнбеков Европа өлкөлөрүнө жумушчу сапар менен эки ирет барып келген. Кылмыш жасаган киши ошол барган учурларда кайра кайтпай калмак. Равшан Жээнбеков өзүнүн таза экенине ишенет, муну далилдөөгө да даяр.

Башкы тергөө башкармалыгынын далилдери жок туруп, айып коюшу, бул репрессия деп ойлойм, — -деди адвокат замир Жоошев.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда камакка алынган.

Жээнбековду 2020-жылдын 9-февралына чейин камоо чечимин 14-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Жээнбеков СИЗО-1 абак жайында кармалууда.

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты