Ислам Каримовдон кийин кайсы лидер болбосун жумшагырак болгонго мажбур болчу [интервью]

Маек

«Албетте, [өзбек коомчулугунда] жакшы жашоого суроо талап бар.Ошол эле убакта коомчулук консервативдүү, кала берсе жаш муундар дагы (айрыкча, Ташкенттин сыртында). Көпчүлүк стабилдүүлүк – эң башкы баалуулук деген мантрага дагы деле ишенишет. Мирзиеевдин реформалары өтө эле кескин болууда деген пикирлер дагы бар”, - дейт Өзбекстан боюнча эксперт, Москвадагы Карнеги борборунун кеңешчиси Темур Умаров. Ал CABAR.asia’нын суроолоруна жооп берди.

CABAR.asia: Өзбекстанда 22-декабрда парламенттик шайлоолор болуп өттү. ОБСЕнин БДИПЧинин отчетунда “шайлоо мыйзамдары жана практикасында жакшы өсүүлөр бар” экени айтылды. Муну кандайча комментарийлейсиз?

Темур Умаров: Ооба, шайлоого даярдыктар, аны өткөрүү боюнча алып караганда, чындыгында эле, прогресстин болгонун тана албайбыз.

Биринчиден, бардык процедуралар үчүн юридикалык негиз түзүлдү – биринчи жолу өлкөдөгү шайлоолор бирдиктүү шайлоо кодекси менен жөнгө салынды.

Мурда Өзбекстанда шайлоолор жөнүндөгү беш башка мыйзамдар бар болчу, алардын айрым пункттары бири-бирине карама-каршы келчү. Экинчиден, шайлоочулардын бирдиктүү электрондук тизмеси түзүлдү (бул тизмеге 20 миллионго жакын потенциалдуу шайлоочулар киргизилди). Андан сырткары, эркинен ажыратылган адамдар биринчи жолу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Дүйнө жүзү боюнча иштеп жүргөн 1,8 млн өзбек мигранттардын добуш берүүсүнө дагы өзгөчө көңүл бурулду.

Темур Умаров. Сүрөт фейсбуктагы жеке баракчасынан алынды

Мындан башка дагы жакшы өзгөрүүлөр болду: шайлоо округдарынын саны өстү, аларга шайлоочулар бирдей санда бөлүштүрүлдү, парламенттеги экологиялык кыймылдын квотасы жокко чыгарылды – эми алар Мыйзам чыгаруу палатасындагы орун үчүн башкалар менен тең эле ат салышуусу керек. Шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча дагы бир топ өзгөрүүлөр болду – шайлоо кампанияларынын жана үгүт иштеринин чыгымдарынын баарын мамлекет өзүнө алды, партияларда гендердик баланс жагынан алганда жакшыруулар болду.

Медиалык жактан дагы алдыга жылыштар болгонун белгилей кетүү керек.Теледебаттар, социалдык тармактардагы үгүт иштери, Youtube'дагы талапкерлерге пародиялар, блогерлер менен маектер – мындайды буга чейин өзбек коомчулугу көргөн эмес. Мунун баары кубантпай койбойт.

Экинчи жагынан алганда дагы деле жаңы партияларды каттоодон өткөрүүгө чоң тоскоолдуктар бар, ал эми көз карандысыз талапкерлер партиядан тышкаркы тизме менен шайлоого чыга алышпады. Мындан башка дагы көйгөйлөр болду (бюллетендерди тобу менен урнага таштоо, бурмалоого аракет жасоо), бирок бул нерселердин ММКлар менен социалдык тармактарда жазылып, чагылдырылганынын өзү жакшы тренд.

Өзбекстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан эмнени күтүүгө болот? Жаңы парламент аткаруу бийлигин көзөмөлдөгөн реалдуу инструмент боло алабы?

Биринчи кезекте, алар практика катарында бардык катышуучулар үчүн – талапкерлер, партиялар, мамлекеттик структуралар жана шайлоочулардын өзүлөрү үчүн маанилүү болду. Өлкөдө дээрлик отуз жылдан бери мындай көрүнүш болгон эмес. Ошондуктан, башынан эле бийлик дагы, эксперттер дагы, шайлоочулар дагы жыйынтыктарды эч кандай чоңөзгөрүүлөрдү күтүшкөн жок.

Шайлоодо буга чейин парламентте бар болгон президентти жактаган беш партия катышты. Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, салтка ылайык, шайлоолорду жеңип чыкты. Башкача айтканда, маңызы өзгөрүүсүз эле калды. Кала берсе БШК дагы реалдуу шайлоолор болуш үчүн дагы бир канча циклди баштан өткөрүү керектигин билдирди.

Реалдуу жакшы эффект катары, аз болсо дагы парламентте жаш депутаттар менен аялдардын санынын өскөнүн белгилөөгө болот.

Өзбекстандын парламенттик шайлоо күнү. Сүрөт: currenttime.tv

Өзбекстандагы ММКлардын маалыматтарына караганда, катталган партиялар өлкө үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча пикирлери ар башка экен. Мисалы, ЕАЭСке кирүү маселеси боюнча пикирлер түрдүү. Бул эмнеден кабар берет?

Буга өтө чоң маани берүүнүн кажети жок деп эсептейм, аны негиздеп берейин. Ооба, партиялар күнүмдүк маселелерди – шаарлар менен айылдарда электр менен газ жетишпей жатканын, билим берүүнүн сапатынын начардыгын активдүү талкуулап жатышат, айрым маектерде адам укуктары боюнча маселелер дагы айтылды. Бирок, бул нерсе партиялар арасындагы атаандаштыктын алкагында гана жүрүп жатат. Бир дагы талапкер бийликке оппонент болгон жок, өкмөттүн аракетин сындап, же кайсы бир реформага шектенүүсүн айткан жок.

Ошондуктан, өлкө башчылары бир пикирин айта элек маселелерди талкуулай берсе болот. ЕАЭСке кирүү маселеси боюнча президент кандайдыр бир пикирин айткан болгондо мындай талаштардын болушун элестетүү кыйын.

Өзбекстандын ЕАЭСке кирүүсү боюнча сиздин пикириңиз кандай?

Айтуу кыйын. ЕАЭСке кирүүнүн оң жактары дагы, терс жактары дагы бар. ЕАЭСтин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу жакшы өнүккөн Өзбекстандагы рыноктун сегменттеринде (текстиль, айыл чарба, авто өндүрүш), албетте, утуш болот. Бирок өтө жакшы өнүкпөгөн тармактарда атаандаштыкка туруштук берүү кыйын. Орусиядагы өзбек мигранттарына жеңилирээк болору турган иш, бирок бул ЕАЭСке кирсе бардык көйгөйлөр чечилет дегенди түшүндүрбөйт.

Маселенин саясий өңүтүн дагы унутпашыбыз керек. ЕАЭСке мүчө болуу Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн, бул тууралуу АКШ соода министри Уилбур Росс ачык эле билдирди. Батыштын Орусияга салган санкцияларын дагы унутпашыбыз керек – алардын баары өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет.

Аны менен катар эле өлкө башчылардын кыйын абалда калганын дагы көңүл сыртында калтырбашыбыз зарыл. Москва түз дагы, кыйыр дагы басым жасап жатат, тагыраагы, орусиялык сенаттын спикери Валентина Матвиенконун сөзүнөн улам бул талкуулар башталды.

Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды үч жылдан бери башкарып жатат. Сиз анын кайсы жумушун оң баалайт элеңиз?

Акыркы үч жылдагы жетишкендик деп мен бийликтин ММКларга басымды азайтканын айтат элем, “Фергана” сыяктуу басылмалардын иши кайра жанданды, кошуналар менен мамилелер жакшырды, айрым саясий туткундарды реабилитациялашты, “Жаслык” түрмөсүн жабышты, реформаларды улантып жатышат.

Бирок мен бул жетишкендиктердин баарын бир гана президенттин иши деп айтпайм. Анан дагы либерализация Мирзиеев өзүнүн бийлигин өзбек жарандарынын алдында жана дүйнөлүк коомчулуктун алдында легитимдештирүү жана бекемдөө үчүн башкы механизм.

Биринчи президент каза болгондон кийин кайсы президент келбесин, каримовдук курсту улантууга мүмкүн эмес болчу, өзүнүн келечеги үчүн көзөмөлдү жумшартууга мажбур болот эле.

Өзбек оппозиция лидери Мухаммад Салих Шавкат Мирзиеевдин саясатынан көңүлү калганын билдирди. Анын айтымында, президент үч жылдык убактысын “популизм” менен алектенүүгө кетирди, мурунку режимдин таасирдүү өкүлдөрүнө тийишкен жок, себеби, алар өзүнө таасирин тийгизиши мүмкүн экен. Бул сын негиздүүбү?

Мухаммад Салих бул сөзүндө өзүнө өзү карама-каршы чыгып жатат. “Популизм” түшүнүгүндө так аныктамасы жок болгону менен, көпчүлүк изилдөөчүлөр бир катар белгилерин белгилеп көрсөтүшөт. Мисалы, эгерде саясатчы коомду “эл” жана “элитага” шарттуу бөлбөсө, аны популист деп айтканга болбойт. Популисттер өздөрүн элдин өкүлү катары санап, элитага, истеблишментке жана системага каршы күрөшкөн түр көрсөтүшөт. Шавкат Мирзиёев өзү ошол системанын, Өзбекстандын элитасынын өкүлү. Ошндуктан ага популист деген ярлыкты илген туура эмес. Мухаммад Салих “популизм” деп айтып жатканда эмнени айткысы келгенин мен жөн гана божомолдой алам. Мирзиеев популярдуу чечимдерди кабыл алып, коомчулуктун колдоосуна ээ болгусу келип жатканын айткысы келген болушу мүмкүн. Ооба, президент ушундай чечимдерди кабыл алып жатканы чын, бул нормалдуу эле көрүнүш – анткени, бардык саясатчылар элге жаккысы келет.

“Мурдагы режимдин таасирдүү адамдарына тийбей жатат” деген тезисин мен анча түшүнгөн жокмун, анткени, Мирзиеев өзү мурдагы режимдин өкүлдөрүнүн бири да. Күч структураларында тазалоолор болбоду беле, прокурорлор алмашты, аткаминерлерге каршы кылмыш иштери ачылды, алардын баарын камаса болот, албетте, бирок анда өлкөнү башкарганга адам жок болуп калат. Көйгөйлөр мындай оңой жол менен чечилбейт.

Сырттан караганда Өзбекстанда жарандык коомчулуктун институттарынын активдешкени байкалат. Сөз эркиндигинин горизонту кеңейди, бир катар маанилүү мыйзам долбоорлору боюнча талкуулар жүрүп жатат. Бул өзгөрүүлөр канчалык маанилүү? Президент Шавкат Мирзиеев реформалардан кайтып, өзүнөн мурунку президенттин курсуна кайтып кетиши мүмкүнбү?

Жок, андай болбойт. Каримовдук режимге кайра баруу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө жасалган реформалар – Мирзиеев таяна турган таяныч болот, анын режиминин туруктуулугу келечекте ошондон көз каранды. Бул жагынан алганда, Өзбекстан катаал авторитардык режимден гибриддик режимге жол тартты.

Өзбекстандагы сөз эркиндиги тууралуу эмне айта аласыз?

Журналисттердин коопсуздугу дагы деле чоң көйгөй бойдон калууда. Бул өз кезегинде өзүн өзү ооздуктоого, жазылбаган эрежелердин пайда болушуна, тыюу салынган темаларга алып келип жатат.

ММКлардын эркиндиги – бул абдан маанилүү маселе, бул тууралуу президент Мирзиеев өзү дагы бир канча жолу айтты. Бирок, Өзбекстанда жакынкы жылдары мындай учурлар (kun.uz маалымат агенттигинин журналистинин дарегине Ташкенттин мэри тарабынан айтылган коркутуу) көп эле болот деп коркуп турам. Блогерлерге кол салган, журналисттерди сотко берген учурларды, компроматтарды, буюртма менен жазылган тексттерди көрүп жатабыз... Пресса менен сүйлөшүүнү, чагымчыл суроолорго жооп берүүнү, ишти чатакка жеткирбөөнү үйрөнүү үчүн тажрыйба керек деп ойлойм.

Өзбек коомчулугунан өзгөрүүлөргө суроо-талаптар барбы?

Бар, бирок бул менин өзүмдүн тааныштарым менен пикир алышкандан кийинки оюм. Өзбекстанда социологиялык изилдөөлөр менен чоң көйгөйлөр бар – аларды эч ким жасабайт. Ошондуктан, мен мага кандай сезилсе ошону эле айтып жатам.

Жашоонун шартын жакшыртууга суроо-талап, албетте, бар. Бирок ошол эле убакта коомчулук абдан консервативдүү, кала берсе жаштар дагы (айрыкча, Ташкенттен сырткары жактарда). Көпчүлүк стабилдүүлүк – эң башкы баалуулук деген мантрага дагы деле ишенишет. Мирзиеевдин реформалары өтө эле кескин болууда деген пикирлер дагы бар. “Бул өлкөдөгү коопсуздуктун алсызданышына алып келбейби” деп менин жакындарым сурап калышат. Мен өтө консервативдүү адамдарды дагы жолуктурдум, каримовдук учурду эңсеп, Мирзиеевдин курсту өзгөрткөнүн тилдегендер дагы бар.

Ошол эле учурда көпчүлүк реформаларды колдошот, анын бизге керек экенин түшүнүп турушат. Айрыкча, мындай пикирлер борбордо, чоң шаарларда жаштар арасында айтылат. Азыр либерализациялаштыруу дегенге скептикалык көз караш менен карагандар дагы бар. Алардын айтымында, иш жүзүндө көйгөйдүн тамырына жетпей эле, анын симптомдору менен күрөшүп жатышат.

Өзбекстандын Борбордук Азиядагы башка кошуна өлкөлөрү менен болгон мамилеси тууралуу

Аймактык кызматташтык президент Мирзиеевдин приоритеттеринин бири болуп калды. Сүрөт: president.kz

Аймактык кызматташтык президент Мирзиеевдин приоритеттеринин бири болуп калды. Бул узак мөөнөткө созулат деп мен айта албайм, ал көптөгөн факторлордон көз каранды – өлкөлөр ортосунда узак убакыттан бери келе жаткан көйгөйлөрдү чече алышабы (чек ара, суу менен камсыз кылуу),бул нерсеге аймактын башка өлкөлөрүнүн башчылары кандай карашат, алардын өзгөчөлүктөрүн, кайсы бир лидердин маанайын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жеке мамилелерин эске алганда. Азырынча Борбордук Азиянын эки өлкөсү менен кеңешме жолугушуу өттү, эч кимди эч нерсеге милдеттендирбеген бул формат абдан ийгиликтүү болду десем болот. Ал андан ары кандай өнүгөт көрө жатарбыз.

Ташкентте өткөн Борбордук Азия өлкө башчыларынын кеңешме жыйыны өтө ийгиликтүү болгон жок. Эксперттин пикиринде, бул жолугушуу декларативдик гана мүнөзгө ээ болуп, кызматташуу боюнча конкреттүү пландарды кое албады. Сиз аймактык интеграциянын келечегин кандай баалайсыз?

Көп жылдардан бери чатакташып келаткан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын баары ушундай форматта чогулуп атканынын өзү жакшы тенденция деп айтар элем. Албетте, Борбордук Азиядагы татаал аймакташуунун тарыхынан улам бул өтө деле чоң үмүттү жаратпайт. Борбордук Азиядагы ички мамилелерди жакшыртууга кызыкдарлардын бири – бул Шавхат Мирзиеев. Кошуналар менен болгон жакшы мамиле анын тышкы саясаттагы көз карашында маанилүү ролду ойнойт.

Бирок, интеграция боюнча айтууга али эрте. Азырынча Борбордук Азия өлкө башчылары жолугуп, кеңешип, бирин-бири жемелебеген, бир нерсеге милдеттенме албаган форматта “чоң байкелердин” (ким болбосун) көрсөтмөсү жок, өзүнчө жолугуп турганына дагы сүйүнүшүбүз керек.

Эң башкысы бул нерсе өлкө лидерлеринин жеке мамилесинин негизинде курулбай, институционализацияланышы керек. Ошондо гана узак мөөнөттүү келечекке интеграция тууралуу айтсак болот.

Өзбек-кытай мамилелери тууралуу эмне айта аласыз?

Пекин менен мамиле абдан маанилүү. Бул жерде Борбордук Азия бүт бойдон, анын ичинде Өзбекстан дагы эч жакка качып кутула албайт. Өзбекстан менен Кытайдын тышкы соода айлантуусу 2018-жылы 6,4 млрд долларга чейин өстү. Кытай Өзбекстан үчүн №1 соода өнөктөшү болду – бардык соода айлантуунун 19%ын түздү (2-орунда Орусия 16,9% менен).

Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Кытай дайыма ыңгайлуу өнөктөш болуп келген, алар берген жардамынын ордуна эч нерсе сураган эмес,жөн гана “бир Кытай” принцибин карманууну, “үч душман” менен күрөшүүнү (терроризм, экстремизм, сепаратизм) гана талап кылат. Кызматташуунун шарттарын алдын ала сүйлөшүп алган Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кытай менен айтылбаган эрежелер бар. Алардын ичинде ортодогу көйгөйлөрдү айтууга табу бар. Кытай менен мамилени бузуп албоо коркунучу бийликти өзүн өзү ооздуктоого алып келет.

Ташкент кандайдыр бир нерсени садага чаба тургандай кырдаалдар болбойт деген үмүттөмүн. Азырынча дипломаттык түшүнүшүүлөр тууралуу гана сөз кылсак болот.

Борбордук Азиядагы негизги мамлекет Өзбекстанга Кытайдын таасиринин өсүп жатканына Москва кандай карашы мүмкүн? Мунун айынан Москва менен Пекиндин мамилеси суушу мүмкүнбү?

Аймакта башка жолу жок экенин Москва жакшы тушүнөт. Андан дагы көптөр Борбордук Азия менен кызматташтык мүмкүнчүлүгүнө көп көңүл бөлүшпөйт. Орус экономикасы өзүнүн түзүлүшү боюнча Өзбек экономикасына ылайыктуу эмес, эки өлкө тең сырьену экспорттоп, даяр продукцияны импорттошот. Экономикалык жактан алганда Москва Кытайды алмаштыра албай турганын, өзбек экономикасына алардай салым кошо албай турганын жакшы түшүнөт. Ошондуктан Борбордук Азиялык өлкөлөрдө Кытайдын көбөйүшү Орусияга дагы пайдалуу. Бирок бул экономикалык кызыкчылык гана болгон учурда ушундай.

Марат Мамадшоев

МаекӨзбекстанБорбордук АзияШавкат Мирзиеев