​Ленинград блокадачыларына арналган митинг-реквием өттү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 27-январда, Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошотулган күнүнө арналган митинг-реквием өттү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 900 күн курчоодо калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган. Алардын 3 миңи балдар болгон.

«16 миңге жакын Ленинград блокадачыларын бир тууган ага-карындаш катары кабыл алган биздин тылда эмгектенген мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз. Курчоодогу Ленинград шаарынан бизге 3 жарым миңден ашык балдар келишип, өз мекенин, бир туугандарын жана жакындарын табышкан» деп белгиледи митингде Президент Жээнбеков.

Бишкек шаарындагы Асанов атындагы эс алуу багында Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында өткөн митинг-реквиемге «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюмунун төрайымы Анна Кутанова, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана Бишкек шаарынын жашоочулары, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Райимберди Дүйшенбиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты