Уханда 250 өзбекстандык жаран бар

  • 4 года мурун

25-январда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 2019-nCoV вирусу чыккан Кытайдын Ухань шаарындагы 30 өзбек студентин алып келүүнү убадалады.

— Ухань шаарындагы 30 студент Өзбекстанга кайтарылат. Азыркы учурда nышкы иштер жана cаламаттык сактоо министрликтери иш алып барууда, — деди Камилов.

Министр студенттер качан кайтып келерин так айткан жок.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, Ухань шаарында жалпысынан 250 өзбекстандык бар. Алардын көпчүлүгүн жогорку окуу жайларда окуган студенттер түзөт. Буга чейин семестрдин аяктаганына байланыштуу өзбек студенттеринин көбү мекенине кайтып келишкен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 80ге жетип, дүйнө боюнча илдетти жуктургандардын саны 2 миңден ашты.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Wu Hong (АР).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты