Коронавирустун Кыргызстанга келгени тууралуу маалымат калп

  • 4 года мурун

Кыргызстанда социалдык тармактарда, мессенджерлерде Кытайдагы коронавирустун келгени тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Ал маалыматтарда Кыргызстанда бул вирус менен жаран ооруканага түшкөнү, аны бийлик жашырып жатканы жазылат.

Өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Тарап жаткан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жуктуруп алган бейтап жаткырылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат. Штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат. Жарандардан такталбаган жалган маалыматтарды таратпоосун өтүнөбүз» дейт Чыңгыз Эсенгулов.

Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

— Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;

— Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;

— Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;

— Эт жана жумуртканы жакшылап бышырып колдонуу;

— Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;

— Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты