​Коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү

  • 4 года мурун

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча штаб түзүлдү.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык бөлүмү кабарлады.

Анын курамына саламаттык сактоо министрлигинин жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөру кирди.

Ыкчам штаб мүчөлөрү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен тыгыз байланышта болгонун кабарлады.

Кыргыз-кытай чек арасынын көзөмөл-өткөрүү пункттарында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөр тепливизорлор аркылуу текшерүүгө алынууда.

Саламаттык сактоо министрлиги почта аркылуу жиберүүлөрдө да вирус жугузуп алуу коркунучун эскертти.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы Кытайдан келген эт жана эт азыктарына убактылуу чектөө киргизди.

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 41 ге жетти, миндеген киши вирусту жугузуп алды.

Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды.

Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус кишиден жуга турганын ырасташты.

Сүрөт: China OUT (AFP)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты