Ат-Башыдагы логистикалык борбордо электромобиль чыгарылат

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Нарын облусунун Ат-Башы районунда жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда Ат-Башыдагы логистикалык борбор тууралуу айтып берди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Замирбек Аскаровдун айтымында, долбоорлордун жалпы сметалык наркы 289 млн АКШ долларын (19 миллиард сом) түзөт.

Бул каражат насыяга же карызга алынган жок, инвестордун накталай акчасы. Акча каражатынын бардыгы инфраструктуралык курулуштарга жумшалат.

«Индустриалдык-соода-логистикалык борбордо бажы, логистикалык зона, соода жүгүртүүчү аймак жана өзүнүн борборлоштурулган жылытуу, жарык берүү системасы болот. Мындан тышкары шаарчада эмгектенгендер жана жергиликтүү эл үчүн спорт комплекстери, мектептер, медициналык корпустар курулат» деди Замирбек Аскаров.

Муну менен катар вице-премьер-министр өкмөт долбоорлорду жүзөгө ашырууда экология маселесин катуу көзөмөлгө аларын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жылытуу жана жарык берүү системасына жашыл технология — күндүн энергиясын пайдалануу, канализация системасында калдыктарды чыгарбай турган технологияны колдонуу талабын коюуда. Кыргыз Республикасынын Президенти электрондук автоунаа каражаттарына өтүү боюнча маселени караштыруу тапшырмасын берген. Ага ылайык, бул логистикалык борбордо электромобилдер чыгарылат жана башка өндүрүш ишканалары ачылат», — деп белгиледи Замирбек Аскаров.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги бажы бекети бир метр ары да, бери да жылбайт. Ал эми индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук жана карапайым калк үчүн жашыруун эч нерсе жок. Борбордо 15 миң жумушчу оруну түзүлөт. Алардын 90% пайызы Кыргыз Республикасынын жараны болот. Калган 10% жумушчуларды окута турган адистер. Алар Кытай Эл Республикасынан гана эмес, Европадан келе турган адистер болот» деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты