​Гүл жасаган Бактыбек кызы Саламат: “100 сомду 4-5 айлап көрбөй калган күндөрүм болду”

Бактыбек кызы Саламат Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болот. 1998-жылы туулган.Төрөлгөндө эле бир буту жок болгон. Протез кийип басчу, эки жылдан бери балдак менен басат. Апасынан алты жыл мурда айрылган. Ошондуктан эки инисинин түйшүгү да анын мойнунда. Бөбөгүнүн улуусу иштейт, кичүүсү — айылда, таене-таятасынын колунда. Өзүнөн кийинки иниси экөө Бишкек шаарына окуу үчүн келишкен. Бирок Саламат каражаттын азабынан окубай, гүл жасап сатып, тирлигин өткөрүп калды. Эмесе, анын баянын өзүнөн уксак.

— Кагаздан гүл жасап сатуу идеясы кантип пайда болду?

— Бишкекке келгенде батирдин, светтин акчасын төлөйүн деп окубай калдым, косметика сатып жүрдүм. Кийин ишим жүрбөй, үйдө отуруп калдым. Акча жогунан өтө кыйналдык. Жада калса 100 сомду 4-5 айлап көрбөй калган күндөрүм болду. Азиза аттуу эже кагаздан гүл жасачу, ошондон үйрөнүп, өздөштүрүп кеттим. Кагаздан гүл жасап, бирден же гүлдесте кылып идишке салып сатам. Азыр гүлдү кардарга жеткирип берүү кызматында да өзүм иштейм. Көбүнчө кардарларым белек катары апасына, эжелерине бергендиктен, жеткирип берген учурумду видеого тартып, кайра кардарыма жиберип, кошумча каражат табам.












— Гүлдесте жасаш үчүн канча убакыт кетет?

— Мисалы, “Апа” деген сөздү жазып, идишине салыш үчүн алты саат убакыт керек. Биринчи кагазды даярдап, формага салып, аны кайра гүлдүн идишине ысык клейди куюп жабыштырабыз. Гүлдүн идишин да өзүм колго жасайм. Аны жасаш үчүн бир жарым саат убакыт керек. “Апа” деген сөздү үстүнө бастырып жазыш үчүн жарым саат кетет. Ошентип, күнүнө 2-3 гүлдесте жасайм. Гүлүмдүн беш түрү бар. Роза жалбырагы менен өрүлгөн, өзүм ойлоп таап алган назик гүлүм, үлпөт тойлорго сатылат. Көбүнчө гүлдөрүмдү 20-45 жашка чейинки аялдар апасына алат. Кээде эркектер деле апасына, эжесине алышат, бирок андайлар аз. Кагаздан жасалган гүлдүн баасы — 50 сомдон 3 миң сомго чейин.












— Гүл жасоодон өзүңүз ырахат аласызбы?

— Ар бир жумуштун түйшүгү да, ырахаты да бар эмеспи. Кээде жасаган гүлүм маанайыма жараша болуп калат. Маанайым анча жакшы эмес болсо, гүлдү 3 саатта жасайм, бирок аны кайра тууралап оңдоо керек болот. Маанайым жакшы болсо, укмуш гүлдөрдү жасайм. Жасап бүткөндөн кийин анын кагаз экенин билип турсам да, жыттап жиберем. Гулдесте жасап, элге кубаныч тартуулагандан ырахат алам.

— Гүл жасоодон башка дагы кандай иш менен алексиз?

-2019-жылы “спорт ордосуна кайрымдуулук концертин өткөрөлү” деп бир кыз келип калды. Аны менен жакшы эле сүйлөшүп, ырчыларды чакырып, концерт уюштурмай болдук. 1000 билет чыгарттым. Бирок сата албай, кээ бирлерден жаман сөздөрдү уктум. “Сен ушундай чолоктугуңан пайдаланып, элди соруп атасың” деп бир бала түз эле телефон чалып айтты. Менин көздөгөнүм — кайрымдуулук концерт өткөрүп, акча табуу эмес, ошол концертке гүлдөрүмдү алып барып, жарманкеде сатуу эле.

Элдин сөзүнө чыдай албай “Мен жөн гана жашоо үчүн акча тапкым келет” деп ыйлап видео тартып, интернетке салгам. Ошондо видеону ырчы Анжелика Кайратовна көрүп, телефон чалды. “Ыйлаба, баары жакшы болот, мени менен иштеш” деди. Ошентип, эженин жардамы менен жашоом өзгөрдү. Анын “Инкрузис на Лайнер” деп аталган компаниясында менеджер-консультант болуп иштей баштадым. Мени бир бөлмөлүү суук үйдөн жылуу батирге жайгаштырды. Батиримдин да, таксинин да акчасын Анжелика эже төлөп берет.

-Келечекте пландарыңыз кандай?

— Бизде кол көнөрчүлүккө көп көңүл бурушпайт. Ошондуктан кол өнөрчүлүктү көздөп, дүкөн ачайын деп жатам. Ал жакта жалаң өзүмдүн гүлдөрүмдү сатам.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөр автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты