​Челябинскиде каза болгондордун тек-жайы такталды

  • 4 года мурун

Россиянын Челябинск облусунун «Троицк» чек ара ѳтмѳ пунктуна жакын жерде жол кырсыгынан 22-январда каза болгон Кыргызстандын үч жаранынын сѳѳгү туугандары тарабынан тастыкталды.

Маркумдардын үчѳѳ тең Ош облусунда туулгандыгы, окуяга чейин Челябинск шаарында жашап жана иштеп келишкендиги аныкталды.

24-январда Троицк шаарындагы аза агенттиги аркылуу «Жүк-200» жѳнѳтүү боюнча иштер соңуна чыгып, россиянын тиешелүү мамлекеттик кызматтары тарабынан коштомо документтер даярдалды.

Маркумдардын туугандары Челябинск шаарындагы мекендештердин жана диаспора уюмунун жардамы менен Екатеринбург шаарынан жѳнѳѳчү жакынкы аба каттамы менен Кыргызстанга «Жүк-200» жѳнѳтүү иштери аткарылууда.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты