Мамлекеттик кепилдиктер тууралуу программа: Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жеңилдиктер иштейби?

Кыргызстан БУУнун Майыптардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациядан өткөргөн, өлкөдө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын программа иштейт, программа аларга саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгүн кепил кылат. Бирок иш жүзүндө майыптыгы бар жарандар эч кандай кепилдикти алышпайт.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia маалымат-аналитикалык порталына жарык көргөн.

Бишкектик Людмила Лобасенко уулун жалгыз тарбиялайт. Атасы өз каалоосу менен уулунан алыстап, аны тарбиялоого катышпайт. Русланга алты жашында “аутизм” деген диагноз коюшкан. Аял үчүн бул нерсе акыркы чечимдей сезилген.

Людмила Лобасенко уулу Руслан менен. Сүрөт жеке архивден алынды

“Жер аңтарылып кеткендей болду. Андан ары эмне кыларымды, кайда барарымды, эми кантип жашарымды билбей турдум”, — деп эстейт ал күндөрүн Людмила, уулунун оорусу тууралуу айтып жатканда дайыма тегерене турган көз жашын жашырууга аракет кылып.

Уулу Людмила үчүн көптөн күткөн бакыт болчу, эне болууга акыркы мүмкүнчүлүк эле. Русланды ал 43 жашында төрөп, чоңоюп эр жетишин, ага тирек, жашоосуна шам чырак болушун чыдамсыздык менен күткөн эле. Дал ошондой болду. Эми өмүрүнүн баары Русланга арналган. Минута дагы эмес, ар бир секунду менен күн тартиби жазылган – көнүгүүлөр, дарылануу, процедуралар…

“Мамлекеттик кепилдиктер тууралуу программа? Ал эмне?” өмүр бою бажы тармагында иштеген, жогорку билимдүү Людмила дагы мыйзамдарга ылайык, мамлекет өз жарандарына кам көрүшү керектигин, саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгүн кепилдеши керектигин билбейт.

Мамлекеттик кепилдиктер тууралуу программа (МКП) – бул жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары. Программа саламаттыкты сактоо мекемелерине, алардын менчик формасына карабай, медициналык-санитардык жардамды алууга болгон укуктун ишке ашырылышын камсыз кылат. 2001-жылдан тартып ишке кирген.

МКП ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин төмөнкү категорияларына иштейт:

1. Аскер кызматындагы милдеттерин аткарып жаткан учурда алган жаракаттын негизинде майып болгондор;

2. Кесибине байланыштуу жумуш учурунда иштеп жатып жаракат алган же жалпы оорунун кесепетинен майып болгон I жана II топтогу майыптыгы барлар;

3. Угуу жана көрүү боюнча майыптыгы барлар;

4. Бала кезинен тартып майыптыгы барлар;

5. 18 жашка чейинки майыптыгы бар жарандар.

Майыптыгы бар жарандар амбулатордук деңгээлде жана станционарларда медициналык-санитардык жардамды бекер алууга укуктуу.

Өзгөчөлөр үчүн кепилдиктер

Далилдөөчү медицинанын эксперти Бермет Барыктабасованын айтымында, Кыргызстандагы мамлекеттик кепилдиктер программасы баары үчүн эмес, ошондуктан, врачтар дагы ал тууралуу айтышпайт, пациенттер дагы билишпейт.

“Мамлекеттик мыйзамдар саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берет, ал эми Милдеттүү түрдө саламаттыкты коопсуздандыруу фондунун (ФОМС) жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары анын ишке ашуусуна карама каршы келет жана көптөгөн тоскоолдуктарды жаратат. “Последний герой” телешоусундагыдай болуп ошол тоскоолдуктарды ким жеңип чыкса, ошол бекер дарыланып, дарыларга, процедураларга кеткен акчасын ордуна кое алат. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бул тоскоолдуктардан өтүп келе алышпайт, ошондуктан, көбүнчө көнүл сыртында калышат”, — дейт Барыктабасова.

Людмила Лобасенко мамлекеттик жардамдан пайдаланууга аракет кылган. Бирок ага үйбүлөлүк дарыгерлер тобу бардык анализдерди тапшырып, жыйынтык алып келүү керектигин түшүндүрүшкөн. Гипперактивдүү уулу менен эл көп чогулган жерлерде (поликлиникаларда кезекте толтура адамдар болот эмеспи) бул тоскоолдуктарды жеңип чыгуу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан, мындан жөн гана баш тартышкан.

Майыптыгы бар башка балдардын апаларындай эле алар дагы жеке менчик лабораторияларга жана диагностикалык борборлорго кайрылышат. Ал эми дары-дармектерин болсо чет өлкөдөн буюртма менен алдырышат, анткени, жазылган дарылардын көбүн Кыргызстандан табууга мүмкүн эмес.

Мамлекеттик кепилдиктер программасы Кыргызстанда 2001-жылы пайда болгон, адегенде бир канча облустарда пилоттук долбоор катары башталып, кийинчерээк республиканын бардык аймактарына тараган.

Анын максаты – калктын жардамга муктаж бөлүгүнө медициналык базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн эффективдүүлүгүн камсыздоо.

МКП боюнча жеңилдик ала турган оорулардын катарына: катуу инфаркт, кургак учук, бронхиалдык астма, терминалдык стадиядагы рак, психикалык оорулар (шизофрения жана аффективдик оорулар), эпилепсия, диабет жана гемофилия. Мындай ооруларга дарылар бекер берилиши керек.

Оорулардын эл аралык классификациясына ылайык, (МКБ-10) аффективдик ооруларга – маанайдын ар кандай бузулушу кирет (депрессия, маниакалдык абал, биполярдык бузулуу). Майыптыгы башка оорулардан болгон болсо же өлүмгө жана майыптыкка алып бараткан башка себептерде мамлекеттик программа кепилдиктерди караган эмес.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер Милдеттүү түрдө ден-соолугун коопсуздандыруунун кошумча программасы аркылуу дары менен камсыз болушат, ага ылайык, дары-дармегине кеткен чыгымдын 50%ын төлөп берет, стационарга жатса 50%дык акы алынат. Бирок бул система дагы дайыма иштей бербейт.

“Бекер кызматтарга укуктуу пациенттерге төлөөгө мажбур болгон учурларды билебиз. Бирок азырынча бардык процессти көзөмөлдөй албайбыз”, — дейт Милдеттүү түрдө ден-соолугун коопсуздандыруу фондунун маалымат катчысы (ФОМС) Света Байтикова.

Бермет Барыктабасова. сүрөт sputnik.kg

Бермет Барыктабасованын айтымында, мамлекеттик кепилдиктер программасы азыркы акыбалы менен өзүн өзү жокко чыгарды.

“Азыркы турушунда бул программа иштебегени аз келгенсип, коррупциялык тобокелдиктерди көп жаратат. Аны көп жарыялашпайт. Ошондуктан, бул тууралуу баары биле бербейт. Аны кеңири жайылтууга ФОМС дагы, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы кызыкдар эмес. ФОМС бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин саясаты дейт. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо акчанын баары ФОМСта деп коет. Ошентип мына 20 жыл өттү”, — деп түшүндүрөт Барыктабасова.

Анын айтымында, Кыргызстанда “өлүм алдындагы” оорулар боюнча жагдай өзгөргөн. Көп оорулар мурункудай критикалык акыбалда эмес, ошондуктан аны МКПдан чыгаруу зарыл, бул ресурстарды аяр катмардагы элди колдоо үчүн колдонсо болот.

“Мисалы, язвалык оорулардан азыр киши өлбөйт. Бронхиалдык астмадан дагы өлгөн учур катталбайт. Кургак учук, ВИЧти дагы көзөмөлгө алганды үйрөнүп калышты. Сахар диабетин дагы көзөмөлдөшөт. Ал эми психиатрия боюнча 3-4 препаратты 2-3 нозология боюнча бир жылда бир канча кварталга деп бөлүшөт. […] Онкология боюнча МКП төртүнчү стадиядагылардын гана оорусун азайтып туруу үчүн берет, оорусун басуучу дары бербесе кыйноого барабар болуп саналат”, — дейт Барыктабасова.

ФОМС болсо бул программанын эффективдүү эмес экенин мойнуна алып, анализдеп көрүп, бул жылы кайра карашарын айтат.

“Адегенде, биз маалыматтарды чогултабыз, анализдейбиз, коомчулукту жана адистерди тартабыз. 2021-2023-жылдары МКПны өзгөртүү пландалып жатат”, — дейт Байтикова.

Анын айтымында, маалыматтык жактан дагы мүчүлүштүктөр бар, көп жарандар өз укуктарын билбейт.

“Биз азыр мамлекеттик мекемелерге барып мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча алар эмнеге укуктуу экенин түшүндүрүп жатабыз. Көптөр аябай таң калышат”, — дейт ал.

Ооруканаларга, поликлиникаларга, врачтардын кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык баракчаларды чыгарып илүү планы бар. Ал баракчаларга бекер жасала турган кызматтардын тизмеси жазылат – кабыл алуу, анализдер ж.б. Аны менен катар ФОМСтун түз линиясы жазылат, эгерде кандайдыр бир арыз-муңу бар болсо чалып айтышса болот.

Саны үчүн эмес, пайдасы үчүн…

Дүйнөлүк практикада “адам-жылдар” түшүнүгү көптөн бери пайдаланылып келет. Бул пациенттин өмүрүнүн сапатына дарылоо канчалык таасир эткени тууралуу маалыматтар. Бирок мындай изилдөөлөр Кыргызстанда жүргүзүлбөйт.

ФОМСтун бюджети тууралуу акыркы маалымат 2019-жылдын сентябрь айынын ортосунда парламенттик комитетте Фонддун жетекчиси Эльнура Боронбаева тарабынан айтылды. Анын айтымында, 2020-жылга карата 15 млрд 745 млн 829 миң сом (225,42 млн доллар) киреше бөлүгү пландалган. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу өскөн.

Белгилей кетчү жагдай, ФОМСтун киреше бөлүгү негизинен Соцфонддун которууларынан, демек республикалык бюджеттен куралат.

!function(){«use strict»;window.addEventListener(«message»,function(a){if(void 0!==a.data[«datawrapper-height»])for(var e in a.data[«datawrapper-height»]){var t=document.getElementById(«datawrapper-chart-«+e)||document.querySelector(«iframe[src*='»+e+»‘]»);t&&(t.style.height=a.data[«datawrapper-height»][e]+»px»)}})}();

ФОМСтун 2018-жылга карата берген отчетунда медикаменттерге акча майыптарга эмес, көбүнчө пенсионерлерге төлөнүп берилет. Бул кызматтан пайдалангандардын көбү пенсионерлер. Жазылган бардык рецепттердин 36%ы. Экинчи орунда иштеген кыргызстандыктар (23%), андан кийин балдар (14%). Дары-дармектердин 13%ы гана майыптар кирген социалдык пособие алгандарга төлөнүп берилет.

!function(){«use strict»;window.addEventListener(«message»,function(a){if(void 0!==a.data[«datawrapper-height»])for(var e in a.data[«datawrapper-height»]){var t=document.getElementById(«datawrapper-chart-«+e)||document.querySelector(«iframe[src*='»+e+»‘]»);t&&(t.style.height=a.data[«datawrapper-height»][e]+»px»)}})}();

“Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча ФОМСтон 2,5 млн жаран тейленет. МКП азыраак суммадан көпчүлүккө жана аз адамга бир канча миңдеген долларларды төлөп, өлкөнүн калкынын дээрлик жарымын өзүнө камтыйт. Сапаттуу медициналык тейлөө негизги сапатка ээ – бул адилеттүү, бирдей, жеткиликтүү, эффективдүү жана коопсуз жардам. Азыркы иштеп жаткан МКП менен ФОМСтун кошумча программасы болсо мына ушул негизги сапаттарга карама каршы келет. Бул ФОМС менен Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн уят иш”, — дейт Бермет Барыктабасова.

Анын айтымында, мамлекеттик кепилдик программасы – оору менен курөшүп башынан оор кырдаалды өткөрүп, мамлекеттин бул жардамы абдан керек болуп жаткандарга берилиши керек. ФОМСтун маалыматына караганда, программа үч бөлүккө бөлүнөт:

  • Жарандардын социалдык статусу боюнча 30 категория (афган согушунун ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ленинграддын блокадачылары, камактагылар, майыптар, Апрель революциясынын баатырлары, балдар, боюнда барлар ж.б.);
  • Клиникалык көрсөткүчтөр боюнча 16 категория (онкология, шизофрения, эпилепсия, бронхиалдык астма ж.б.);
  • Коопсуздандыруудан өткөн жарандар.
  • КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан Саламаттыкты сактоо тармагына эң аз акча бөлөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2014-жылы бул сумма киши башына 215 долларды түзгөн. Өзбекстанда – 340, Казакстанда – 1068 доллар. Тажикстанда гана азыраак – киши башына 185 доллардан туура келген.

    Аны менен катар эле, Барыктабасованын айтымында, медициналык коопсуздандыруунун кошумча программасы боюнча кымбат баадагы дары-дармектерди сатып алышат, ал дарылардын аналогдору жакынкы жана жергиликтүү рынокто алда канча арзан турат. 2018-жылдын 6-июнунда бекитилген өмүрдү сактап калуу үчүн эң маанилүү делген дары-дармектердин, медициналык жабдыктардын тизмесине 432 дарынын аттары жана 50 медициналык жабдыктар кирген. “Ичи бош” дарылар чыгарылып салынган, бул тизме Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштаган тизмесине 85% туура келет.

    Света Байтикованын айтымында, ФОМС өзү эч качан сатып алууларга катышпайт. Ар бир оорукана кайсы дары-дармектер жана медициналык жабдыктар керек болсо ошолордун тизмесин, бюджети менен жиберет, ФОМС болсо ошол ооруканаларга акчасын гана которуп берет.

    “Врачтар өмүрдү сактап калуучу дарылар тизмегине кирген дарыларды эмес, башка фармкомпаниялар лоббилеген дарыларын жазып берген учурлар болгон”, — дейт ал.

    Кимдир бирөөлөр калкалаган фармкомпаниялар көйгөйү дагы деле бар. Аларды табуу оңой эле экенин белгилейт Бермет Барыктабасова, — 20 жылдан же андан ашык убакыттан бери дары ташып келаткан компаниялардын тизмесин караса эле жетиштүү.

    Мүмкүнчүлүгү чектелгендер, бириккиле!

    Эксперттердин пикиринде, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин баары биригип, мамлекеттен мамлекеттик кепилдиктер программасын кайрадан карап чыгууну талап кылышы керек. Мамлекеттин жардамына муктаж болгон калктын аялуу топторун; алардын акыбалын жана медициналык кызматтарды так аныктоо керек; мөөнөтүн жана суммасын жана башкаларын аныктоо зарыл. Аны менен катар МКПдан каза болгонуна көп болгон же азыркы учурда мамлекеттин жардамына анча деле муктаж болбогон жарандарды чыгаруу зарыл.

    Андан сырткары, Барыктабасованын айтымында ФОМСтун ишмердүүлүгүнүн ачык жана таза болушуна жетишүү керек. Азыркы тапта мамлекеттик кепилдиктер программасына киргендердин так саны ачык маалыматтарда жок. Ошондой эле канча адам мамлекеттик кепилдигин алганы, кандай формада жана канча акчага алганы тууралуу дагы маалыматты таппайсың. ФОМС менен Улуттук статистикалык комитеттин адамдардын аты-жөнү жазылбаган куру сандары реалдуу картинаны көрсөтпөйт.

    Анын айтымында, ооруларды профилактикалоого, шашылыш жардам көрсөтүүгө, эне жана балага, өлүмгө жана майыптыкка алып бараткан ооруларга жардам көрсөтүүгө багытталган медкызматтарга басым жасалышы керек.

    Людмила Лобасенконун уулу жабыркаган аутизмди Кыргызстанда дарылабайт. 2017-жылга чейин мындай диагноз дагы коюшчу эмес, ошондуктан Руслан акылы артта калган деп майыптык алган. Өлкө боюнча аутисттердин расмий статистикасы дагы жок. Батышта “аутизм” диагнозун тээ XX кылымдын 70-жылдарынан баштап эле кое башташкан.

    “Аутизмди дарылоого болбойт. Мен билем аны. Аутизм тууралуу билем, болду. Ал жөнүндө улам жаңы нерселерди үйрөнүп жатам. Бирок аутисттерди коррекция кылып, оңдогонго болот. Мен азыр ошол иш менен алекмин”, — дейт Людмила Лобасенко.

    Руслан театралдык студияга барат, спорт менен машыгат, компьютерди үйрөнөт. Прогресс бар. Анын апасы баары жакшы болуп кетеринен үмүт кылат. Кадимкидей жашоо болбосо дагы, толук кандуу жашоодо жашап кетерине ишенет. Апасы жанында болбой калган учурда дагы…

    Инна Аксёнова

    Муну бөлүшүү
    Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

    Окшош жаңылыктар

    Журналисттик иликтөөлөр

    Помочь проекту

    договором оферты