​Казакстанда окуучу кызды зордуктаганга химиялык кастрация жасалат

  • 4 года мурун

24-январда Казакстандын Тараз шаарында сот мектеп окуучусун зордуктаган деп айыпталып жаткан жергиликтүү тургунду 25 жылга эркинен ажыратып, химиялык кастрациядан өтүүгө милдеттендирди.

Аты-жөнү айтылбаган 38 жаштагы тургун жашы жете элек кызга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү жана жашы жете эле кызды зордуктоо беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүмгө ылайык, мындан тышкары соттолуучу жабырлануучу тарапка беш миллион теңге (13 миң долларга жакын) төлөп бериши керек. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Таразда 12 жаштагы окуучу кыз мектептин короосундагы дааратканада зордукталганы өткөн жылы ноябрда кабарланган. Бул кылмышка шектүү катары 38 жаштагы киши кармалып, камакка алынган. Маалыматтарга караганда, ал мектептин аймагындагы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.

Казакстанда бачабаздарды химиялык кастрация кылуу тууралуу мыйзам 2018-жылы күчүнө кирген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматыю

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты