​Алайда окуган памирликтерге китеп берилди

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министрлигинде Алай районуна көчүп келип, Карыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Аркус” жана “Кут аалам” басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана “Алиппе”, 50 даана “Мекен таануу”, 40 даана “Математика”, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды.

Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билималууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты