​Жээнбеков: «Мүлктү декларациялоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү ордунан жылбай турат»

  • 4 года мурун

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкканы айтылды. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өз ордунан жылбай турат» деп белгиледи Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңеш жыйынында.

Мамлекет башчы өкмөттүн чечимди кабыл алууну бир жылдан ашык мөөнөткө создуктурганын белгиледи.

«Мамлекеттик органдар бул үчүн күнөөнү бири-бирине шылтап жатышат. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өз ордунан жылбай турат. Мунун кесепетинен, Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечими аткарылган эмес. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуунун укуктук механизмдерин киргизүү кечеңдеп жатат. Натыйжада, мүлктү башка бирөөнүн атына каттоо мүмкүнчүлүгү жоюлган жок» деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн, 24-январда, Бишкекте Коопсуздук Кеңештин жыйыны өтүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты