“Ачык саясат плюс” гезитине 50 миң сомдук доо коюлду

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин башчысы Гүлмира Шакированын “Ачык саясат плюс” гезитине доосун канааттандырды.

Ага ылайык, сот гезит редакциясына моралдык компенсация үчүн 50 миң сом жана макаланы төгүндөөгө өкүм чыгарды.

Гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова соттун чечими менен макул эместигин, жогорку сот инстанциясына кайрыларын билдирди. Анын айтымында, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болгону үчүн гезитти куугунтукка алып жатышат.

Буга чейин аталган гезитти сот депутат Кожобек Рыспаевге моралдык компенсация катары 300 миң сом төлөп берүү өкүмүн чыгарган.

Гезит редакциясы депутат Рысбаевдин доосу үчүн коомчулуктан каражат чогулта баштаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты