Коопсуздук кеңештин жыйыны өтөт
- 4 года мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрөт.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.
Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган коррупцияга каршы күрөшүү, санариптик өнүктүрүү, кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чечимдердин аткарылышы каралат.
Мындан тышкары, стратегиялык объектилердин тизмегине сунуштар каралат.
Муну бөлүшүү