​Кыргызстан Кытай менен чек арасында санитардык көзөмөлдү күчөттү

  • 4 года мурун

Кыргызстан Кытай менен чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардыкэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Оторбаеванын айтымында, Нарындагы «Торугарт», Оштогу «Эркечтам» бекеттеринде, Бишкектеги «Манас» аэропортунда санитардык көзөмөлдөөчү кызматкерлер иштеп жатышат. Ал жерлерде адамдын дене табын өлчөөчү портативдик тепловизорлор да орнотулуп, Кытайдан келгендерди текшерүүдө.

— Бизде коронавирус учурлары болгон жок. Кайрылгандар да жок, — деди Оторбаева.

Адамдын өпкөсүн сезгентүүчү жаңы вирус Кытайда декабрдын соңунда аныкталды.

Кытайдын гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Ли Бин 22-январда соңку маалыматтарды айтып, каза болгондордун саны тогуз, ооруну жугузуп алгандар 440 киши экенин расмий билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты