​Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы: Балдарды уурдоо фактысы тактала элек

  • 4 года мурун

Социалдык тармактарда жана түрдүү мессенжерлерде Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында кара түстөгү жол тандабас унаасында белгисиз бирөөлөр окуучу кыздарды уурдоого аракет кылгандыгы тууралуу маалыматтар тарады.

Андагы маалыматтарда кара түстөгү жол тандабас унаасы бир нече райондорго барып, кичинекей балдарды уурдоого аракет кылганы, аны көрүп калган жергиликтүүлөр унааны ташбараңга алып балдарды сактап калышканы айтылат.

Чүй облустук ОИИБинин маалымат катчысы Назира Имангазиева Эркин-Сай айылынан 112 кызматына бала уурдоого аракет болгондугу тууралуу билдирүү түшкөндүгүн билдирди:

“22-январда Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айыланда белгисиз бирөөлөр мектеп окуучусун уурдоого аракет кылгандыгы тууралуу 112 кызматына билдирүү түшкөн. Биздин кызматкерлер дароо жерине барганда кыздын ата-энеси жанында экен. Кыздар, күбөлөр менен баарлашкан, алар ар кандай көрсөтмөлөрдү беришкен. Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүштү. Бүгүн эртең менен дагы барып көрсөтмө алды, билдирүү боюнча иштеп жатышат, бирок бала уурдоо фактысы тактала элек. Башка райондордон андай билдирүү түшкөн жок” деп билдирди Назира Имангазиева.

Сүрөт иллюстрациялык.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты