​Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору жолугушат

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын топографиялык жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрөт.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Бул максатта Тажикстандын делегациясы иш сапар менен Бишкекке келди.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн топографиялык топторуна 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан жер тилкелерин алмашуу боюнча сүйлөшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты