Депутат Момбеков вице- премьер-министрлерди сынга алды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүнкү, 23-январдагы жалпы жыйында вице-премьерлердин айткан-дегендерин сынга алды.

«Чычкан жылы башталбай эле, чыйкан жылы башталып кеттиби, мен түшүнбөй калдым. Жыл башталбай жатып, не балекет жылан чагып жиберди, бир вице-премьер элеттеги элдин жашоосун эшектин азайганына теңеди.

Дагы бир вице-премьер чек арадан чыдабай чыгып кеткен адамдарды чыккынчы деди.

Кечээ дагы бир өкмөттүн өкүлү галстугуңар жок деп мугалимдерди зекип жатат. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо, анда биз галстук сатып берели бюджеттен карап. Бул эмне деген дөөпөрөстүк?» деди Момбеков.

Буга чейин вице-премьер Кубатбек Боронов элдин жашоо-деңгээли оңолуп, эшек минбей калганын айткан.

Ал эми вице-премьер Жеңиш Разаков чек арадан чыгып кеткен жарандарды чыккынчы деп атаган.

Ал эми Баткен облусунун гуюернатору Акрам Мадумаров мугалимдерди галстук тагынбайсыңар деп жемелеген.

Сүрөт Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты