Аялуу катмарга камкордук кандай?

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы социалдык жактан коргоого алынбаган жарандар, татаал жагдайга кабылган балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга көңүл бурду.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Бүгүнкү күндө министрликте эки автоматташтырылган база — «Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы» жана «Эмгек рыногунун маалыматтык системасы» иштеп жатат.

Министр жүргүзүлгөн чаралар социалдык жардамды төлөөгө дарексиз жолдонуп жаткан 1 млрд сом бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бергенин баса белгиледи. Мындан тышкары, балдар жөлөк пулдарын алуучулардын санын 60 миңге көбөйтүүгө жана каражатты үнөмдөөнүн эсебинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана санын көбөйтүүгө мүмкүн болгон.

Кочкоров балдардын автоматташтырылган маалыматтык базасы 2020-жылдын март айында толук кандуу ишке кириши күтүлүп жатканын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты