​Тажикстанда жугуштуу вирустан улам кытайлыктардын киришин чектөө сунушталууда

  • 4 года мурун

Тажикстан саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги өлкөнүн тышкы иштер министрлигине жана туризм комитетине коркунучтуу вируска байланыштуу Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөөнү сунуштады.

Күн мурун Кытайдын cаламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 2019-nCoV вирусу кишиден кишиге жугушу ыктымал экенин тастыктады. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан төрт киши көз жумду. Илдетти жуктуруп алгандарын көбү — Ухань шаарынын жашоочулары.

Бул арада Шанхай, Бээжин шаарларында жана Гуаньдун провинциясында да ооруга чалыккандар аныкталды. Алардын баары Уханга барышкан.

Кытайдан тышкары Таиландда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Тажик бийлиги Кытайдагы вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин аэропорттордо жана чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

«Чек ара өткөрмө бекеттеринде санитардык-карантин посттору бар. Кандайдыр бир вирус аныкталса, көзөмөл күчөтүлүп, алар күнү-түнү иштөө режимине өтөт. Ар бир аэропортто заманбап дарт аныктоочу аппараттар бар. Кытайдан келген ар бир жүргүнчү дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат. Эгер вирустун белгилери табылган учур катталса, жаран атайын машине менен инфекциялык ооруканага жеткирилет», –деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхомуддин Камолзода.

Чиновник тажик жарандарына кайрылып, кырдаал турукташканга чейин Кытайга барбай турууну сунуштады.

Тажикстан саламаттык сактоо министрлиги ТИМ жана туризм комитетинен жакында Тажикстанга келген Кытай жарандарыны аты-жөнүн жана даректерин тактоону, аларды көзөмөлдөн өткөрүүнү сурады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты