​“Абдыраз” фирмасынын акча которууларына байланыштуу улуттук банк текшерүүгө 14 кат жиберген

  • 4 года мурун

Бүгүн, 21-январда кытай ишкери Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму өттү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев комиссия мүчөлөрүнө маалымат беришти.

“Учурда Айэркен Саймаитиге 2 млрд 602 млн сом, “Абдыразга” 3 млрд 810 млн сом мамлекетке кошумча салык төлөсүн деп коюлуп жатат”, — деп билдирди финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Айэркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасынын акча которууларына шек жаралып, ага байланыштуу 2012-жылдан 2018-жылга чейин текшерүүгө 14 кат жибергенин ачыктады.

Салык кызматынын белген маалыматына караганда, “Абдыраз” фирмасы 2011-жылы каттоодон өткөндөн кийинки 3 жыл ичинде болгону 18 700сом салык төлөгөн.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып кеткен.

Май айынын аягында «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу «Азаттыктын» иликтөөсүңдө 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле кишинин атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра келип түшкөнү тууралуу сөз болгон.

Сүрөттө: Айеркен Саймаити. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты