​Кыргызстан менен Тажикстан эки чек ара тилкесин алмашууга макулдашты

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгенин билдирди. «Азаттык» билдиргендей, ал муну 21-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде сүйлөп жатып айтты.

— Эки участокту алмашуу боюнча алар тараптан да, биз тараптан да макулдук бар. Бул жолу Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек участкасын алмашуу сүйлөшүлгөн, — деди Разаков.

Анын маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстандын жумушчу тобу менен 22-январда Бишкекте жолугушуу болот.

Андан тышкары адистер алты ирет жолугушуп 134 топографиялык карта даярдашкан. Ал эми чек ара маселеси боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ120 чакырымдан ашык жерди жөө басып чыгып, изилдөө иштерин өткөрүштү.

Анын жыйынтыгында 114 чакырым жер бардык карталар боюнча туура келери аныкталды.

Разаков ушундан улам Тажикстан менен 114 чакырым жерди бекиткенге шарт бар экенин айтты. Анын айтымында, болгону укуктук негизде пикир келишпестиктер бар. Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн чек ара маселеси боюнча Бишкекте болчу сүйлөшүүсүндө ушул маселени чечүүнүн жолдору да каралат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты