​Кытайда белгисиз вирусту жуктургандар көбөйүүдө

  • 4 года мурун

Кытайда дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус адамдан адамга жуга турганын ырасташты.

Бул тууралуу 20-январда өлкөнүн мамлекеттик саламаттык сактоо комитетинин эксперттери билдиришти.

Алардын айтымында, вирустун адамдан адамга жуга тургандыгы Гуандун провинциясындагы эки учурду изилдөө маалында далилденген. Мындан тышкары бейтаптар жайгашкан медициналык жайлардын кызматкерлери вирусту жуктуруп алган 14 учур катталган.

Бирок азырынча окумуштуулар вирус тараган булакты аныктай албай жатышат.

Дүйшөмбү күнү эртең менен вирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, 220 адамга жеткени, алардын үчөө каза болгондугу расмий кабарланган.

20-январга карата вирус жуктурган 25 адам ооруканадан чыкса, 170и дарылануусун улантууда. Алардын ичинен 35 бейтап оор, тогузу өтө оор абалда жатат.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: China OUT (AFP)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты