Импорттолуучу бир катар мөмө-жемиш көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулду

  • 4 года мурун

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн импорттолуучу бир катар көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулду.

Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Бул айыл жергесиндеги товар өндүрүүчүлөрдүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында жасалды.

Өкмөттүн 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен олтургузула турган көчөттөр, калемчелер, алма багы, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мисте көчөтүн импорттоо кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты