​Үч медиага Матраимовдордун доосу боюнча сот 29-январга жылдырылды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 20-январда башталган үч медиага Матраимовдордун доосу боюнча сот 29-январга жылдырылды.

“Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновго, Клооп жана 24 kg басылмаларына Матраимовдордун доосу боюнча соттун экинчи отуруму 20-январда башталган.

24 kg агенттиги материалды көчүрүп баскандыгын айтып, Матраимовдор менен тынчтык келишимге баруу маселесин кароодо.

Кезектеги сот отуруму 29-январда улантылат.

Матраимовдордун адвокаты Канатбек Азиз башка медиаларга да тынчтык келишимине келүү маселеси тууралуу сүйлөшүлүп жатканын айтты. «Азаттык» жана «Клооп» медиалары материалды төгүндөөгө барбай тургандыгын билдиришти.

2019-жылдын 19-декабрында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», 24 kg медиаларына жана журналист Али Токтакуновго койгон доосу боюнча сот отуруму башталган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү “Азаттык” радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Сүрөттө: Матраимовдордун адвокаты Канатбек Азиз. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты