Берлинде Ливияга курал жеткирүүнү токтотуу боюнча келишим кабыл алынды

  • 4 года мурун

Ливиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Берлин саммитинин катышуучулары аталган түндүк африкалык өлкөгө курал жеткирүүгө тыюу салууга макулдашты.

Германия канцлери Ангела Меркель 19-январда Берлинде өткөн эл аралык конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, маселени тынч жол менен чечүү жолунда олуттуу жылыш болгонун билдирди.

Саммиттин катышуучулары Ливияга аскердик жактан көмөк көрсөтүүнү токтотууга макулдашты. Документке 16 өлкөнүн жана уюмдардын өкүлдөрү кол койду. Алар узакка созулуп кеткен жаңжал аскердик жол менен чечилбей турганын моюндарына алышты.

Германия өкмөтүнүн башчысы Берлин конференциясы “узак процесстеги алгачкы гана кадам” экенин баса белгиледи. Жакын арада Ливияда узак мөөнөттүү элдешүү жараяны боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Учурда бул өлкөдө ок атышууну токтотуу режими өкүм сүрүүдө.

Бул үчүн Ливияда жаатташып жаткан тараптардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт.

Сүрөт:Өкмөттүк күчтөрдүн аскерлери. Сүрөт 2020-жылы 12-январда Триполинин түштүк тарабында тартылган. AFR

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты