​Кара түтүн балдарга зыянын тийгизбеши үчүн эмне кылуу керек?

  • 4 года мурун

Эртең, 21-январда, Бишкекте “Move Green” коомдук бирикмеси жана “Арча демилгеси” коомдук фонду USAIDдин биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда “Абасы таза мектеп”долбоору боюнча финалдык конференция өткөрөт.

Азырынча Бишкекти кара түтүн капташынын себептери жөнүндө маселе каралууда, эко-активисттер “Абасы таза мектеп” долбоорунун алкагында абанын булганышынан адам өзүн кантип коргонушу керектиги тууралуу мектеп окуучулары менен иштерди жүргүзүп

жатышат.

Долбоор мектептерде абаны жакшыртууга, бак-дарактарды отургузуунун маанилүүлүгү жана булганган абада жеке коргонуу ыкмалары жөнүндө сабаттуу түшүнүктүү калыптандырууга багытталган.

Долбоор USAIDдин биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда “Move Green” коомдук бирикмеси жана “Арча демилгеси” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Конференция саат 9.00-14.00дө Бишкек ш., Фрунзе 429 б дарегинде жайгашкан “Достук” мейманканасынын “Империал» залында өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты