​“Үмүт -2020” кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова Президентке кайрылды (Видео)

“Үмүт 2020” кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова фейсбук баракчасы аркылуу Президентке кайрылды.

Кайрылууда кыймыл өлкөдөгү жеп-ичкичтердин бетин ачуу менен алек болуп жатканын, бирок аларга колдоо көрсөтүүнүн ордуна, өздөрү жана тарапташтары куугунтукталышканын айтып, Президенттин кабыл алуусун өтүндү.

-“Үмүт-2020” кыймылы кандайдыр саясий амбициясы жок эле бир нече айдан бери коомчулукка уурулардын бетин ачып берип жатат.

Ушул айлары мамлекеттен колдоо табуунун ордуна, бизге жана тарапташтарыбызга куугунтук башталды. Кысым камакка алуу, мүлктү жана бизнести тартып алуу аракети, аңдуу жана чагымчылык аркылуу болууда” деп билдирди Ширин Айтматова.

Бул абалдан улам Айтматова Президенттин кабыл алуусун өтүндү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты