Жээнбеков Афганистан элчисин кабыл алды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда, Афганистандын элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Мохаммад Иса Месбахтын кыргыз-афган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Афганистан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Акыркы жылдардагы эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын тууралуу билдирди.

Жээнбеков Мохаммад Исса Месбахка бекем ден соолук, бакубаттуулук жана ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Афганистандын элчиси Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракетин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты