​Улуттук банктын маалымат иштеп чыгуу борбору ишке киришти

  • 4 года мурун

Мамлекет башчы улуттук банктын маалымат иштеп чыгуу борборунун (Дата борбору) иши менен таанышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов улуттук банктын дата борбору дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз Uptime Institute уюмунун тастыктамалоосунан өткөн Борбордук Азиядагы жалгыз борбор экенин билдирди.

Мамлекет башчы дата борбордун ишке кириши жалпы эле банк системасынын маалыматтар менен алмашуу коопсуздугун жогорулатарын кошумчалады.

«Эң негизгиси, дата борборунун ишке кириши жарандарыбыздын банк системасына болгон ишенимин арттырат. Ошондой эле региондордогу жана элетте жашаган калк үчүн банк жана финансы кызматтарын көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенем», — деп баса белгиледи Президент.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, дата борбору улуттук банктын негизги милдеттерин аткаруу — төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, банк көзөмөлү алкагында банк отчеттуулугун алуу жана иштеп чыгуу системасынын, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну уюштуруу системасынын, банктын ички операциялык ишмердиги үчүн системалардын иштөөсүн камсыз кылуу ж. б. үчүн иштелип чыккан.

«Дата борбору бардык төлөм системаларын модернизациялоого, калкыбызга көптөгөн жаңы санариптик продукцияларды берүүгө мүмкүндүк берет. Эң башкысы — дата борборун ишке киргизүү өлкөнүн төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздап, банк секторун санариптештирүү боюнча жаңы амбициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө ойлонууга өбөлгө түзөт», — деп баса белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты