​Ойлоп табуучу балдар эмгектеринин көргөзмөсү өтөт

  • 4 года мурун

Эртең, 18-январда, интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүн өткөрөт.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – балдардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү, колдоо көрсөтүү жана өбөлгө түзүү.

Республикабыздагы ойлоп табуучу балдардын эмгектеринин көргөзмөсү Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик-патенттик техникалык китепкананын базасында (Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58а, саат 10:00) болот.

Анда авиамоделдештирүү, электроника, моделдештирүү боюнча мастер-класстар уюштурулат, робототехника, таланттуу балдардын технология жана жашыл инновациянын мыкты долбоорлору, балдар техникалык чыгармачылык боюнча көргөзмө коюлат.

Ошондой эле бөбөктөр үчүн көптөгөн мелдеш, оюндар, кызыктуу китептердин көргөзмөсү жана чакан концерт уюштурулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты