​Жол эрежелерин бузуудагы айып пулду азайтуу боюнча мыйзамга кол коюлду

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам менен бузуулар жөнүндө кодексинини 123-беренесинде көрсөтүлгөн айрым бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү 3 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлгөн:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун машина өтүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же жолдун машина өтүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын токтотуу эреженир бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).

Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөрүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), бул укук бузуулуктун жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты