​Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме өттү

  • 4 года мурун

Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара Саттаровага чек арадагы чырчатак учурунда өз милдеттерин аткарбаганы, жергиликтүү элге өз учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн катуу сын айтылды.

Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактык кабарчысы билдирди.

Ошондой эле Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен анын орун басарына Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевге түшүндүрүү ишин алып барбаганы үчүн эскертүү берилди.

Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев 15-январда Бишкекте Баткендеги чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыккан элге кошулуп нааразылык акциясында жүргөнү айтылды.

Координациялык кеңешмеде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана ээнбаштык беренелери боюнча шектүү катары кармалган төрт киши мыйзам чегинде жооп берерин айтты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев чек арадагы акыркы окуяларда жергиликтүү бийлик өз милдетин аткарбаганын белгиледи.

Өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботбаев кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери тууралуу маалымат берип жаткан учурда кеңешмеден журналистер чыгарылды.

9-январдан 10-январга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Жака-Өрүк жана Көчө-Карын участкасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты