​Жээнбеков Дача-Суда учак кыйрашынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Су айылында учактын кыйрашынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кыйрашынын кесепе

тинен ондогон жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын курман болушу бүткүл кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя болгонун кайгыруу менен белгиледи.

Курман болгондордун жакындары жана туугандары жашоо-тиричилигиндеги маселелери жөнүндө айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китеп жана планшеттерди тапшырды.

Президент менен жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты